Өрт коопсуздугу — ар бир жарандын жоопкерчилиги

0
1911

Бишкек шаары жылдан-жылга өсүп, аймагы кеңейип, жаңы турак жайлар жана курулуштар пайда болууда. Ар бир үйдө, ар бир батирде электр энергиясы жана газ колдонулат. Бул ресурстарга болгон муктаждык жыл сайын өсүп жаткандыгы байкалууда.

Бирок шаар өнүгүү менен катар өрт коопсуздугу маселесин да унутпоого тийишпиз. Электр энергиясын жана газды туура эмес пайдалануу, коопсуздук эрежелерин сактабагандык өрт кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келүүдө. Тажрыйба көрсөткөндөй, өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү адамдардын өз шалаакылыгынан улам келип чыгат.

Белгилей кетсек, өрт кырсыктары көбүнчө мекемелерде эмес, жеке турак үйлөрдө катталууда. 2026-жылдын январь айынын ичинде Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча 14 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 415 672 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Өзгөчө кыш мезгилинде жеке турак үйлөрдүн ээлери мештердин, электр зымдарынын жана газ жабдууларынын абалын дайыма текшерип, коопсуздук талаптарын так сактоосу зарыл.

Эгерде өрт кырсыгын байкасаңыз, 101 же 112 номерлерине дароо телефон чалып, өзүңүздүн фамилияңызды жана дарегиңизди так билдирүүңүз керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз