Венесуэлада АКШнын басымы менен кеминде 80 адам түрмөдөн бошотулду

0
1925

Венесуэланын Foro Penal аттуу укук коргоо уюму өлкө бийлиги ишемби күнү ар кайсы аймактардагы түрмөлөрдөн кеминде 80 адамды бошотконун билдирди. Бул тууралуу BBC жазды.

Уюмдун жетекчиси Альфредо Ромеронун айтымында, учурда укук коргоочулар бошотулган адамдардын так тизмесин жана өздүгүн тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Бул АКШ Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармап кеткенден кийин бошотулган туткундардын акыркы тобу экени белгиленет. Өткөн жума күнү Венесуэланын убактылуу президенти Делси Родригес жалпысынан 600дөн ашуун адам бошотулганын билдирген. Бирок Foro Penal бул сан чындыкка дал келбей, ашыкча көрсөтүлгөн деп эсептейт.

Буга чейин аты-жөнү такталган бошотулгандардын арасында Венесуэла оппозициясынын өкүлдөрү, ошондой эле Испаниянын беш жараны бар экени маалымдалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз