«Биз ойнойбуз, силер бийлейсиңер»: Армениянын премьер-министри Никол Пашинян музыкалык тобу менен сахнага чыгат

0
1671

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян музыкалык дебютка камынууда. 30-январда Ереван шаарында өкмөт башчысы түзгөн музыкалык топтун алгачкы концерти өтөт.

«Бий аянтчасына чакырам. Биз ойнойбуз, силер бийлейсиңер», — деп Пашинян буга чейин алдыдагы иш-чара тууралуу билдирген. Ишемби күнү ал социалдык тармактарда концерттин датасын жана өзүнүн тобунун аталышын жарыялады. Музыкалык жамаат «Варчабэнд» деп аталып, «варча» армян тилинен которгондо «премьер» дегенди билдирет.

Армениялык ЖМКлардын маалыматына караганда, Никол Пашинян жубайы Анна Акопян менен бирге былтыр музыка сабактарын ала баштаган. Премьер-министр урма аспаптарда ойноону үйрөнсө, анын жубайы гитарада ойноону өздөштүргөн.

Өткөн жылдын декабрь айынын аягында өкмөт башчысы барабанда ойноп жаткан видеону жарыялап, анда анын Армения тууралуу жазган ырына обон коюлуп аткарылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз