Ош облусунда 300 млн долларлык инвестиция менен чакан ГЭСтердин каскады курулат

0
2415

2026-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Кыргызстан Риклейм Ко. ЛТД» компаниясы ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков жана инвестор компаниянын башкы директору Цю Чэньци кол койду.

Макулдашууга ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына чакан гидроэлектр станциялардын каскадын куруу пландалууда. Долбоордун болжолдуу инвестиция көлөмү 300 миллион АКШ долларын түзөт.

Жаңы ГЭСтердин жалпы орнотулган кубаттуулугу алдын ала эсептөөлөр боюнча 200 МВтка чейин болот. Бул демилге өлкөнүн энергосистемасына кошумча кубаттуулуктарды киргизип, энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана аймактагы электр энергиясынын тартыштыгын азайтууга багытталган.

Тараптар жакынкы мезгилде долбоордун техникалык параметрлерин жана курулуш этаптарын деталдуу иштеп чыгууга киришери маалымдалды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз