Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кыргызкөмүр» ААКтын «Балыкчы» филиалына караштуу көмүр базасына барып, көмүрдү кабыл алуу, сактоо жана жүктөп жөнөтүү процесси менен таанышты.
Министрлик маалымдагандай, учурда Балыкчы жүктөө-түшүрүү пунктунда Бишкек шаарынын Жылуулук электр борбору үчүн 26 миң тонна штыб-көмүр жана Бишкек шаарындагы көмүр базасын камсыздоого багытталган 2 миң тонна тандалма көмүр кору бар. Бул көлөм кышкы мезгилде көмүр тартыштыгын болтурбоого багытталган.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ичинде «Кара-Кече» көмүр кенинен Балыкчыдагы көмүр базасына жалпысынан 624 миң 49 тонна көмүр жеткирилген. Анын ичинен 130 миң 90 тонна көмүр филиалдын автопоездору аркылуу ташылып, көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо камсыздалган.
Ал эми 2026-жылдын январь айында гана Бишкек ЖЭБине 77 миң 419 тонна көмүр жөнөтүлүп, белгиленген 80 миң тонна планы дээрлик толугу менен аткарылган.
Учурда көмүрдү ташуу жана жүктөп жөнөтүү иштери суткасына 24 сааттык режимде жүргүзүлүп, пунктта атайын техника тынымсыз иштеп жатат.
Иш сапардын жыйынтыгында энергетика министри Таалайбек Ибраев суук күндөрү калк менен энергетикалык объекттерди көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоону күчөтүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү кызматтарга көмүр жеткирүүнү токтотпой улантуу тапшырмасын берди.


