Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаров курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-январда, өлкөдөгү ири курулуш компанияларынын жетекчилери, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги менен кеңешме өткөрдү.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда курулуш компанияларынын өз милдеттенмелерин аткаруусу, курулуш тармагындагы ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды жоюу жана мыйзамдык базаны өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында Мамлекет башчысы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге тиешелүү тапшырмаларды берди.

Президент курулуш компанияларынын ишмердүүлүгүндө ак ниеттүүлүк, ачык-айкындык жана мыйзамдуулук принциптери так сакталууга тийиш экенин баса белгиледи. Ал жарандардын алдындагы милдеттенмелердин бузулушуна жол берилбестигин айтып, айрым компаниялардын мыйзам бузууларга жол берген учурларына токтолду.

Ошондой эле Садыр Жапаров курулуш тармагында жаралган маселелер өз убагында чечилиши үчүн мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп турууну тапшырды.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар