Энергетика тармагына жаңы техникалар тапшырылды

Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине атайын автотранспорт каражаттарынын ачкычын тапшырды.

Бул тапшырма “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын объекттерин капиталдык куруу, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу жана модернизациялоо планын жүзөгө ашыруу максатында жүргүзүлдү. Сатып алынган техникалардын тизмеси:

  • JAC–T8 үлгүсүндөгү 17 бригадалык автоунаа;

  • SHANMON–388H үлгүсүндөгү 8 экскаватор-жүктөгүч;

  • КАМАЗ—43118 базасындагы 2 даана 45 метрлик авто-көтөргүч (Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында);

  • JAC–N56 үлгүсүндөгү 10 бригадалык автоунаа.

Жалпы 37 бирдик атайын автотранспорт каражатынын баасы 145,8 млн сом түзөт.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев энергетика тармагынын мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен электр энергиясын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлор жүрүп жатканын айтты.

«Кыргызстандын энергетика тармагы жылдан жылга өнүгүп, техникалык жактан күчтөнүп жатат. Гидроэлектростанциялар модернизацияланып, агрегаттары алмаштырылууда. Бул иштер сиздердин эмгегиңиздер менен жүзөгө ашууда. Бүгүн тапшырылган жаңы техникалар элибизге, мамлекетке кызмат кылсын», — деди Төрага.

Белгиленгендей, 2025-жылы энергетика жана көмүр тармагына жалпы 160тан ашуун атайын автотранспорт каражаттары сатып алынган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз