Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек Берикбаев менен маек.

– Дөөлөтбек Кулубаевич, “Уңгужол”сизге эмнеси менен жакты?

– Ар бир мамлекеттин өсүп-өнүгүшү үчүн эки нерсе шарт: анын биринчиси – экономика, экинчиси – идеология. Экономика – мамлекеттин жалпы өнүгүп-өсүшүн камсыз кылат, бюджетти топтойт, инфраструктуралык өсүштү камсыз кылат, индустрияны, айыл чарбасын, ж.б. тармактарды өнүктүрөт, калктын социалдык жашоосу үчүн шарттарды түзөт.

Идеология – адамдардын жан дүйнөсүнө, коомго болгон көз карашына, турмушка болгон ой-чабытына багыт берүүчү идеялык курал. Адам өзү кандай идеология менен жашап жаткандыгын жана жашаш керек экендигин өз убагында аңдабайт.1991-жылдан тартып эгемендүү заман келди. Өз алдынча мамлекет, көз карандысыз эл болдук. Биз 30 жылда көп нерсени башыбыздан өткөрдүк, бийликтин-коомдун структурасын издедик. Парламенттик өлкө эмне экенин аңдадык. Аралаш-парламенттик-президенттик структураны карап чыктык, эми мына Президенттик башкаруудагы эгемендүү, өз алдынча, демократиялык, унитардык, сөз эркиндигин, адам укугун сактаган өлкө болдук. Кудайга шүгүр, Садыр Жапаров келгени өлкө ар тараптан өнүгө баштады, өнүгүп жатат. Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык. Экономикалык өнүгүүнүн темпи дал ушундай болсо (ИДП 1 трилл. 600 млн.го чыкпадыбы) Кыргызстан 15-20 жылда таанылгыс болуп өзгөрөт. Мен буга ишенем.

Эми ушул өсүп-өнүгүүнү коштогон кандай идеология керек бизге? Буга Президентибиз жооп берди. Мына мындан туура бир ай мурун Президент чыгарган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик “уңгужолу” доктринасынын жарык көргөнүнө туура бир жыл болду.

Түшүнгөн кишиге “Уңгужол” адамдардын жан дүйнөсүндө бугуп жаткан идеялардын турмушка ашышына, ар бир адам өз заманынын кайда бара жатканын, келечек кандай болоорлугун ойлоого жана талдоого мүмкүндүк берди. Экономика өнүгөт, эми мээни оңдош керек, пейилди, жекече жүрүм-турумду оңдош керек. Ар бир адам өлкөгө, мамлекетке, өзү жашап жаткан бүгүнкү коомго колунан келишинче, акыл парасатынын жетишинче ак дилден салым кошуш  керек.

– Бул жерде жекече жоопкерчилик жөнүндө айтып жатасызбы?

– Туура түшүндүңүз. Мен ар бир адамдын жоопкерчилигин айтып жатам. Чындыгын айтайын, азыр адамдардын баары акылдуу болуп кетишти. Баары өзүн кыйын сезет, сен билгенди мен билем дейт, эң негизгиси – акыл айтсаң жаман көрөт. Сен мага тийбе, мен сага тийбейин, бирок коомдун эсебинен жашай берейин, эл алган пенсияны алайын, айлыкты алайын, коомдогу бардык жеңилдиктерди пайдаланайын, мени өкмөт баксын, мамлекет баксын деген көз караш мээсинде бекем орун алган. Ал эми мен эмне салым коштум ушул коомго деген суроону ар ким өзүнө бербейт! Мына ушуну ойлонууга убакыт жетти!

Экинчи бир нерсе – кыргыздын көралбастыгы түбүнө жетет. Биз жакшы нерсени аз көрөбүз, жаман нерсени бат көрөбүз, анан сындаганга машпыз! Бирөөнү сындагандан мурун өзүңдү күзгүдөн үч жолу карап көрсөң? Сен өзүң эмне кылдың – үй-бүлөдөгү аталык же энелик милдетиңди толук аткардыңбы, балаң тентек чыккан жокпу, кызыңда тарбия барбы, бирөөгө жакшылык кылдыңбы, бирөөнүн ажатын ачтыңбы? Же дүмүрөңдөп эле өз көмөчүңө күл тартып, аны да жакшыраак бышырып жей албай, анан эле ажылдап көчөгө чыгып сүйлөп, соцтармакка акылың жетсе да, жетпесе да бирдемени жазып отурасыңбы? Мына муну ар бир адам ойлонуш керек!

– Уңгужол демекчи, кыргыздын эзелтен келе жаткан  жазылбаган мыйзамдары бар эмеспи?

– Биз байыркы элбиз, даанышман элбиз, ата-салтыбызды сактаган элбиз. Бирок, эми ошол ата-салтыбызды канткенде туура кийинки муунга өткөрүп беребиз?

Бизде нукура элдик каада-салт институту бар. Ал эми ошол институтту сактоочулар, аны кийинки муунга өткөрүп берүүчүлөр бизбиз, азыркы орто жана улуу муун. Кеп азыр улуу муунда турат. Нарк десең ал эмне эле дегендер бар, артында эмне из калаарын боолголоп ойлобогондор четтен чыгат.
Ошол коомдук институт күчтүү болмоюн кийинки муун жакшы тарбияланбайт.

Чындыгын айтайын, бала көчөдөн тарбияланат. Коомчулуктун ортосунан тарбияланат, анан атанын канынан, эненин жатынынан деген сөз бар. Мунун баары ойлончу сөз!

– Эми тике сурайын, сиз коомго, Уңгужолго эмне салым  коштуңуз?

– Өзүмдун суроомду өзүмө бердиңиз. Чынымды айтайын, мен Уңгужолду адеп окуганда сүйүндүм. Анткени мен көп жылдары аткаруу бийлигинде иштегенмин. Чарбанын башкы агрономунан баштап обкомдун инструктору, райондук аткаруу комитетинин төрагасы, райкомдун биринчи секретары, анан аким болуп эки райондо иштедим. Эң негизгиси эл менен иштештим. Элдин психологиясын, мүдөөсүн изилдедим, билдим. Эл болгондон кийин анын жөнтөгү да, тентеги да болот. Анын баарынын тилин таппасаң иш жүрбөйт. Ал кезде советтик идеология, бирдиктүү тартип, талап бар эле. Ал эми демократиялык заманда ар ким өз билгенин кылып калган шартта адамдарды бириктириш, аларды бир идеяга салыш, ынандырыш – бул өтө узакка созулчу процесс. Биз глобализациянын агымы менен демократиялык деп аталган коомго кирип келдик. Болгондо да идеологиясы жок коомго кирип келдик. Глобализация менен кошо батыштын секталары, ар түрлүү агымдар, НПОлор кошо келди. Бирок мунун кайсынысы прогрессивдүү, кайсынысы регрессивдүү экенин адегенде биздин жаш мамлекеттик саясатыбыз ылгай алган жок. “Кыргызстан – демократиянын аралы” деп ураан таштадык. Анан бара-бара ата жолубузга кайтабыз деп Манастын жети осуятына таяндык. Бирок, муну менен мамлекеттик идеологиялык машина иштей алган жок, биз адамдарды идеялык жактан ээрчите алган жокпуз. Адамдар акчаны, байлыкты, мамлекеттик менчикти жеке менчикке ыйгарып, талап алууну ээрчиди. Өлкөдө хаос башталды. Ыймансыздыктын белгилери келип чыкты. Мына ушундай шартта бизге Уңгужол сыяктуу идеологиялык чакырык керек эле.

Эми сиз эмне салым коштуңуз деп жатпайсызбы? Биздин ак-талаа-лыктардын биргелешкен ынтымагы тээ Советтер Союзу бар кезинде эле түзүлгөн.  Ал кезде Ак-Талаа элинен чыккан Кыргыз эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиев, СССРдин эл артисти Калый Молдобасановдор баш болгон улуу муундардын биздин районго салып кеткен чыйыры бар. Ошол ынтымактын аркасында көп иш-чаралар өткөрүлдү, эл ынтымакка чакырылды, улуу муун кичүү муундун башы бирикти. Алсак, Шүкүрбек Бейшеналиевдин мааракелерин катар-катар өткөрдүк, Тоголок Молдонун 130, Муса Баетовдун 90 жылдыгын өткөрдүк, ж.б.

Ал эми 1996-жылы бул ынтымак жаңыртылып “Ак-Талаа – Эл” коому болуп түзүлүп, ошондон бери тынымсыз эл кызматын өтөп келет. Ал эми Уңгужол боюнча атайын түшүндүрмө брошюраларды, эстеткичтерди чыгардык, өтүлүүчү  жыйындардын күн тартиптерин жана анын катышуучуларын белгиледик. Ар бир айылда баштапкы ячейка – башталгыч уюмдарды түздүк. Аларга коомдук активисттерди, айылдын аксакал-байбичелеринин набаттууларын, блогерлерди, жаштардын өкүлдөрүн коштук. Анан райондук администрация менен бирдикте райондук штаб түзүп, эки жолу илимий-теориялык конференция өткөрдүк. Конференцияда бир дагы чарбалык, турмуш-тиричиликтик маселе айтылган жок .Сөз – азыркы адамдын ыйманы, адеп-ахлагы, жаштарга тарбия берүү, элди келечекке үндөө, дүйнөлүк цивилизация-га умтулам деген, билим алам деген жаштарга шарт, мүмкүнчүлүк түзүп берүү, маданияттуу жашоого жана тарыхты, ата-салтыбызды үйрөнүүгө чакыруу жөнүндө гана болду. Эл дым этпей олтуруп укту. Эл суусап калыптыр. Көп адамдар чыгып сүйлөштү. Унгужолду түп көтөрө колдошту. Конференция ийгиликтүү өттү. Эми азыркы күндө да ар бир айылда түзүлгөн уюмдар токтоп калбай иш жүргүзүп жатышат.

– Чындыгын айтканда Уңгужол сиздердин район сыяктуу бардык райондордо, бардык министрликтер менен ведомстволордо толук иштиктүү колго алынбай жатат. Мамлекеттик масштабда мындан ары эмне иштер аткарылышы керек?

– Биринчиден, Уңгужол боюнча элибизден чыккан насаатчыларга, мамлекеттик структураны, анын алган багытын жакшы түшүнгөн адамдарга таянышыбыз керек. Ар бир аймакта анын көсөмдөрү бар. Экинчиден, Уңгужолду алып барууда ар бир мамлекеттик структура-акимчиликтер, губернаторлордун аппараттары, министрликтер жана ведомстволор, мекемелер тиешелүү коомдук уюмдар менен бирдикте карапайым масса менен иш алып барыш керек. Үчүнчүдөн, биздин уңгубуз бала бакчадан жана мектептен башталат. Окутуунун жана тарбиялоонун сапатына көңүл бурууну күчөтүш керек. Айрыкча мугалимдердин сапатын жакшыртуу, алардын билим деңгээлдерин жана педагогикалык устаттыгын күчөтүү зарыл. Төртүнчүдөн, Уңгужолду ишке ашырууда Президенттин жарлыгында жана Министрлер Кабинетинин тескемесинде айтылгандай ар бир жамааттын биринчи жетекчилери жооп бериш керек. Бешинчиден, бул ишке илимий жана чыгармачыл интеллигенция, мугалимдер жана врачтар, мамлекеттик кызматкерлер түп көтөрө окуп, багытты аныктап, ар бир жамаат өз алдынча пландуу иш алып барыш керек.

Алтынчыдан, Уңгужолду ишке ашырууда массалык-маалымат каражаттарынын, медиакызматкерлеринин, радио-телевидениенин ролу чоң болуш керек.

Маектешкен Дүйшөк МАМБЕТӨМҮРОВ, журналист

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз