Бишкек шаарына караштуу, Анар-Бак жаңы конушунундагы жашоочулары бар турак-жайлар кыш чилдесинде бузулбайт. Президент Садыр Жапаровдун жеке тапшырмасына ылайык, ушундай чечим чыгарылды. Бул туурасында Президенттик администрациянын маалыматтык кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасына жазды.
Маалыматтын негизинде, шаар башчысы Айбек Жунушалиевдин көзөмөлү менен конушта мыйзамсыз жол менен алган жер тилкелери, толук бүтө элек жана жаңыдан курулуп жаткан турак-жайлардын бузулуусу каралат. Ал эми жашоосун улантып жаткан тургундар үйлөрүнөн чыгарылбайт жана кышкы убакта жашаган жайлары бузулбайт. Андыктан такталбаган маалыматтарга ишенип, жашоочулардын ызы-чуу салуусунун кажетсиз экени айтылат.

