Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына арналган коллегиялык жыйынга катышты.
Коллегиянын жүрүшүндө ички иштер министри Улан Ниязбеков кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жетишилген көрсөткүчтөр, милициянын ишмердүүлүгүнө санариптик технологияларды киргизүү, ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чаралар тууралуу кеңири маалымат берди.
Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин өздүк курамына 2025-жыл ичинде өткөн жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралар жана расмий сапарлар маалында коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, ИИМ мамлекеттик башкаруу системасында өзгөчө маанилүү орунду ээлейт, анткени бул ведомство калк менен түздөн-түз иш алып барып, мыйзамдуулукту жана коомдогу туруктуулукту сактоодо негизги ролду ойнойт.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкөдөгү тынчтык жана туруктуулук экономикалык өнүгүүнүн бекем негизи болуп саналганын белгиледи.
— Коомдук коопсуздук болбосо, улуттук экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес. Тынчтык жана тартип мамлекетке кубаттуу экономикалык секирик жасоого шарт түздү, — деди ал.
Адылбек Касымалиев 2025-жыл Кыргызстан үчүн тарыхый жыл болгонун да белгилеп, өлкөнүн консолидацияланган бюджети алгачкы ирет 1 триллион сомдон ашканын билдирди. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик беш эсеге жогорулап, динамикалык экономикалык өсүштүн айкын далили болуп саналат.
Жыйындын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарган Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын тапшырды. Ал ички иштер органдарынын өздүк курамын мындан ары да жогорку кесипкөйлүктү, кыраакылыкты жана жоопкерчиликти сактоого чакырып, коомдук тартипти камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнүн жана ар бир жарандын бакубат жашоосунун негизги шарттарынын бири экенин баса белгиледи.

