Башкы беткеСаясат жана коомКоомСоцфондго төрт айда 2 500дөн ашуун жаран кайрылган. Негизги маселелер

Соцфондго төрт айда 2 500дөн ашуун жаран кайрылган. Негизги маселелер

2025-жылдын январь–апрель айларында Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына жалпы жонунан 2 584 жаран кайрылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кайрылуулар төмөнкүдөй түрдө бөлүнөт:

  • жазуу түрүндөгү кайрылуулар – 140;

  • оозеки кайрылуулар – 354;

  • фонд жетекчилиги тарабынан кабыл алынган жарандар – 44;

  • ишеним телефондору аркылуу түшкөн кайрылуулар – 1 341;

  • уюлдук ишеним телефону аркылуу – 705.

Кайрылуулар негизинен пенсия жана социалдык камсыздандыруу маселелерине байланыштуу болгон. Атап айтканда, пенсия өлчөмүн жогорулатуу, индексациялоо, пенсияга чыгуу укугу, төлөмдөрдүн өз убагында жүргүзүлүшү жана эсептөө тактыгы боюнча суроолор басымдуулук кылган.

Социалдык фонд бардык кайрылууларга мамлекеттик жана расмий тилдерде жооп берип, жарандардын суроолоруна жеткиликтүү түшүндүрмө берип келе жатканын белгиледи.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар