«Кыргыз-казак достугун кадырлаган эки элдин азаматтары чагымчылдыкка жем болбойт деп ишенем!»- деди президент Садыр Жапаров интернетке кыргыз менен казак калкынын ортосуна жик салуучу видео жарыялангандан кийин.
«Тилекке каршы, эки элдин эзелтен калыптанган ынтымагын көрө албай, ортого чок салгысы келген чагымчылар да четтен чыгып жатат. Тарыхты бурмалоого басым жасашып, кайраштыргысы келишет.
Чагымчылык арам ой аракетке оңой тема катары тандап алынган темалардын бири – XIX кылымдагы тарыхыбыздын трагедиялуу барактары, асыресе Кенесары хандын кыргыз жерине басып кириши жана анын өлүмү менен аяктаган окуялар. Мен көптөн бери ушул теманы козгоп, ырбаткысы келгендердин иш-аракетине байкоо салып келем», — деген президент.
Бул теманын көптөгөн фактылары Белек Солтоноев, Бегималы Жамгерчинов сындуу тарыхчылардын эмгектеринде да чагылдырылганын айтып жана алардын бир катарларына токтолгон.
Көчмөнчүлүк, жоокерчилик замандан бери канча суу агып, далай мезгил өткөнүн, азыр заман башка экенин белгилеген.
«Бизди кылымдардан бери келаткан жакындыгыбыз, куда-сөөктүк таттуу мамилебиз артып баратканы сыймыктандырыш керек. Мен, мисалы, сыймыктанам. Төртүнчү бабам Солтонкулдун байбичеси Нооча энем казак кызы болгон, демек, мен кайсы бир деңгээлде казактын жээнимин. Өз кезегинде казак элинин арасында биздин да толтура жээндерибиз бар. Кыргыз менен казак азыркы улуттук мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоо, ынтымакты бекемдөө менен алектенишибиз зарыл», — деп сөзүн жыйынтыктаган мамлекет башчы Садыр Жапаров.