Башкы беткеМинистрлер кабинетиТИМ кыргызстандыктарды Афганистан жана Пакистанга барбай турууга чакырды

ТИМ кыргызстандыктарды Афганистан жана Пакистанга барбай турууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Афганистан менен Пакистан чек арасындагы кырдаал курчуп жаткандыгына байланыштуу кыргыз жарандарын бул өлкөлөргө убактылуу барбай турууга чакырды.

Маалыматка ылайык, учурда Пакистандын аба мейкиндиги ачык болуп, авиакаттамдар кадимки тартипте аткарылууда. Ошондуктан мекенине кайтуу зарылдыгы жаралган жарандар коопсуздук чараларын сактоо менен өлкөдөн өз алдынча чыгып кете алышат.

ТИМ аталган мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктарды өзгөчө этият болууга, эл көп топтолгон жайлардан жана кооптуу аймактардан алыс болууга чакырат. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын талаптарын так сактоо, өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүү жана расмий маалыматтарды көзөмөлдөө сунушталат.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда жарандар Исламабад жана Кабул шаарларындагы Кыргызстандын элчиликтерине кайрыла алышат.

Белгилей кетсек, 16-мартта Кабул шаарында болгон сокку боюнча Талибан жүздөгөн адамдар каза болгонун билдирсе, Пакистан тарап бул маалыматты четке каккан.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар