Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев аймактык өнүгүү, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана заманбап башкаруу куралдарына арналган тегерек столго катышты.
Ананын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын ИДПсынын көлөмү 2 триллион сомго жакындап, 2022-жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөн. Бул көрсөткүчтөр системалуу реформалардын натыйжасы болуп эсептелет.
Амангельдиев белгилегендей, заманбап экономика заманбап башкарууну талап кылат. Министрлер Кабинетинде азыр пландоо – бюджеттештирүү – ишке ашыруу – мониторинг чынжыры санариптик форматта интеграцияланып жатат.
Санарип Аймак мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык тутуму аймактарды башкаруу үчүн бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүп, ведомстволор аралык маалымат алмашууну жана базаларды борборлоштурууну камсыз кылат.
Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Улуу Британиянын Өкмөтү жана Дүйнөлүк банк колдогон «Экономикалык өсүш үчүн натыйжалуу башкаруу» долбоору реформаларды тездеткенин белгиледи. Система мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин компетенциясын жогорулатып, жоопкерчиликти так бөлүштүрүүгө шарт түзөт.
Данияр Амангельдиев маалыматтарга негизделген башкаруу Кыргызстандын бардык аймактарында жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

