Италияда өспүрүмдөр арасында санариптик көз карандылык олуттуу көйгөйгө айланууда. Изилдөөлөргө ылайык, 100 миңге жакын жаш италиялык социалдык тармактарга көз каранды болуу коркунучунда, ал эми жарым миллионго жакыны онлайн-оюндарга көз каранды болуп калган.
Сурамжылоолор көрсөткөндөй, жаштардын 77 пайызы бул көйгөйдүн бар экенин түшүнөт, бирок андан кантип арылууну билбейт. Ошондой эле чоңдордун 83 пайызы өспүрүмдөрдүн интернетке, смартфон жана планшеттерге ашыкча берилгенине тынчсызданышат, бирок алар да натыйжалуу чечимди көрө алышпайт.
Адистер бул кырдаалды “билим берүүнүн жакырчылыгы” менен түшүндүрүшөт — башкача айтканда, заманбап жашоого керектүү көндүмдөрдүн жетишсиздиги. Бул көйгөй билим берүү системасына гана эмес, үй-бүлөлүк мамилелерге да байланыштуу.
Симона Ротонди («Con i Bambini» фонду) өспүрүмдөрдүн 75 пайыздан ашыгы ата-энеси менен толук кандуу мамиле түзө албай, социалдык тармактар жана оюндар аркылуу виртуалдык дүйнөгө кирип кетерин белгилейт.
Европанын айрым өлкөлөрүндө мектептерде смартфон колдонууга тыюу салган мыйзамдар кабыл алынган. Ал эми 2024-жылдын ноябрында Европа парламенти социалдык платформаларга кирүү үчүн минималдуу жаш куракты 16 жаш деп белгилөөгө чакырган.
Бирок социологдордун пикиринде, тыюу салуулар гана жетишсиз. Көйгөйдү чечүү үчүн структураланган билим берүү программалары, үй-бүлөлүк баарлашууну чыңдоо жана өспүрүмдөрдү реалдуу коомдук жашоого тартуу зарыл.
Эксперттер белгилегендей, маселе санариптик дүйнөнү жабууда эмес, тескерисинче, жаштарды реалдуу турмуш менен кайра байланыштырууда.

