whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
06.03.2026
3.8 C
Бишкек
Башкы беткеСоциалдыкПенсия төлөмдөр толук санариптештирилди

Пенсия төлөмдөр толук санариптештирилди

Кыргызстанда пенсиялык система акыркы жылдары масштабдуу реформалардан өтүп жатат. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2021–2025-жылдарды камтыган реформанын биринчи этабын жыйынтыктап, эми 2026–2045-жылдарга багытталган экинчи стратегиялык баскычка өтүүдө.

Акыркы төрт жыл ичинде пенсиялык камсыздоо тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Орточо пенсия 6186 сомдон 11 238 сомго чейин өсүп, дээрлик эки эсеге көбөйдү. Минималдуу пенсия биринчи жолу жашоо минимумуна жеткирилип, 7200 сомду түздү. Пенсиялык төлөмдөргө бөлүнгөн каражат 2021-жылдагы 51 млрд сомдон 2025-жылы 110,3 млрд сомго чейин көбөйдү. Мындан тышкары, пенсия төлөмдөрү толугу менен электрондук форматка өткөрүлүп, “Түндүк” системасы аркылуу 17 мамлекеттик орган менен маалымат алмашуу жолго коюлду.

Реформанын негизги багыты – пенсияны жөлөк пул катары эмес, камсыздандыруу принцибине негизделген төлөм катары кароо. Башкача айтканда, жаран канчалык көп жана расмий төгүм төлөсө, келечекте ала турган пенсиясынын көлөмү да ошончолук жогору болот.

2024-жылы мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде бир катар жеңилдиктер каралды. Пенсиянын базалык бөлүгү толук өлчөмдө эсептеле баштады. III-топтогу майыптар үчүн камсыздандыруу бөлүгү толук көлөмдө дайындалат. Баккан адамынан айрылган балдардын пенсия алуу курагы 18 жашка чейин узартылды. Өз убагында алынбай калган пенсияны кайтарып алуу мөөнөтү 5 жылга чейин көбөйтүлдү. Ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын алтынга жана баалуу металлдарга инвестициялоого уруксат берилип, ишкерлер үчүн камсыздандыруу тарифтери 27,25 пайыздан 12,25 пайызга чейин төмөндөтүлдү.

Адистердин айтымында, бул чаралар пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун бекемдөөгө жана көмүскө экономиканы кыскартууга багытталган. Экинчи этапта камсыздандыруу принциптерин күчөтүү, санариптик кызматтарды кеңейтүү жана ар бир жарандын кошкон салымына жараша татыктуу пенсия алуусун камсыз кылуу негизги максат болуп саналат.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар