Дагестанда 4–5-апрелдеги нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен катуу сел жүрүп, бир катар шаарлар жана калктуу конуштар жабыркады.
Маалыматка ылайык, Махачкала шаарында суу ташкынынан үч кабаттуу үй кулап түшсө, Хасавюртта базарды суу агызып кеткен. Ошондой эле Дербент жана башка аймактарда көчөлөрдү суу каптап, инфраструктурага олуттуу зыян келтирилди.
Республиканын борборунда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, 140ка жакын калктуу конуш электр жарыгысыз калды. Темир жол каттамы үзгүлтүккө учурап, сел массалары федералдык трассаны каптады.
Геджух суу сактагычы толуп кетүү коркунучу жаралгандыктан, Дербент районунда эвакуация иштери башталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, 4 миңден ашуун адам, анын ичинде жүздөгөн балдар коопсуз аймакка көчүрүлөт.
Белгилей кетсек, буга чейин март айынын аягында болгон сел да олуттуу зыян алып келип, жүздөгөн үйлөрдү суу каптап, он миңдеген тургундар жарыксыз калган


