Садыр Жапаров ЕАЭБ келишимине өзгөртүүлөрдү ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 5-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал 2025-жылдын 28-июлунда Москва шаарында кол коюлган протоколду күчүнө киргизүү үчүн зарыл болгон ички жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынды.

Документ ЕАЭБ келишимин өркүндөтүүгө, аныкталган кемчиликтерди жоюуга жана айрым жоболорду заман талабына ылайык жаңылоого багытталган. Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралган.

Өзгөртүүлөр бир катар негизги тармактарды камтыйт. Анын ичинде бажы жана техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, инвестиция, атаандаштык, энергетика, транспорт жана мамлекеттик сатып алуулар бар. Мындан тышкары, электрондук форматтарды киргизүү, маалымат алмашууну жөнөкөйлөтүү жана ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу механизмдерин күчөтүү каралган.

Ошондой эле документте техникалык өзгөртүүлөр да камтылып, эскирген нормалар алып салынган жана айрым жоболор жаңыртылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз