Башкы беткеМаанилүүЖаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү чет өлкөлөр тааныбай жатканы расмий тастыкталган эмес

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү чет өлкөлөр тааныбай жатканы расмий тастыкталган эмес

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүктү чет мамлекеттер тааныбай жатат деген маалыматтар расмий тастыкталган эмес. Бүгүнкү күнгө чейин мындай мазмундагы расмий кайрылуулар түшкөн жок.

Ошол эле учурда Европа бирлигинде айдоочу болуп иштөө ар бир өлкөнүн улуттук мыйзамдарына жараша жөнгө салынат. Кыргызстандын күбөлүктөрү автоматтык түрдө таанылбайт жана айрым учурларда аларды алмаштыруу же кошумча сынактардан өтүү талап кылынышы мүмкүн.

Жүк жана жүргүнчү ташуучу айдоочулар үчүн ЕБ өлкөлөрүндө иштөөдө Code 95 кесиптик квалификациясы милдеттүү болуп саналат. Бул белги айдоочунун атайын окуудан өткөнүн тастыктайт жана ар 5 жыл сайын жаңыртылып турат.

Белгилей кетсек, Code 95 талаптары айдоочунун кесиптик ишмердүүлүгүнө гана тиешелүү жана Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгүн таануу маселесине байланыштуу эмес.

Министрлик жарандарга Европа бирлигинде иштөөнү пландаштырууда барган өлкөнүн мыйзам талаптарын алдын ала тактоону сунуштайт.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар