whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.04.2025
18.2 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактар“Өлкө боюнча Ветеринардык көзөмөлдөө колдоого алынган"

“Өлкө боюнча Ветеринардык көзөмөлдөө колдоого алынган»

Кыргыз мамлекети мал чарбачылыгы өнүккөн тоолуу мамлекет. Өлкөбүздүн ветеринардык кызматы өткөн жылды кандай жыйынтыкташты, үстүбүздөгү жылдагы иш-аракеттери тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергеновго кайрылдык.0,

Эпизоотиялык абал туруктуу сакталды

2024-жылдын 12 айында республика боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотияга каршы иш-чаралар жалпы 26 088,1 миң баш малга жүргүзүлдү, анын ичинен диагностикалык изилдөөлөр (жана башка изилдөөлөр) 1 425,5 миң башка, алдын ала эмдөөлөр 24 060,8 миң башка, дегельминтизация 601,8 миң баш же өткөн жылдын 12 айына бекитилген план боюнча 110% аткарылды.

2024-жылы республиканын аймагында 76 жугуштуу ылаңдын очогу катталды, аларга карантин, чектөөлөр коюлуп, инструкцияга ылайык ветеринардык-санитардык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Өтө коркунучтуу делген бодо малдардын шарп, кой-эчкилердин күл, кыргын ж.б. ылаңдары катталган жок, республика боюнча эпизоотиялык абал туруктуу сакталды.

2024-жылга эпизоотияга каршы иш-чараларга республикалык бюджеттен 102,0 млн. сом каралган, ошондой эле эпизоотияга каршы планды толук аткарууга кошумча республикалык бюджеттен 164,0 млн. сом кошумча бөлүндү, биокаражаттар
райондук жана шаардык башкармалыктарына бөлүштүрүлүп, жеткирилип берилген.

Ал эми малдардын жугуштуу ылаңдарына каршы алдын ала эмдөө иш-чаралары толук аткарылды.

Республиканын аймагы боюнча сибир жарасы ылаңынын 568 очок табылган, бул очокторго жылына эки жолу жазында жана күзүндө ветеринардык адистер тарабынан санациялоо иштери жүргүзүлүп турат. Райондук башкармалыктарга жазгы жана күзгү санация иштери үчүн 10650 кг хлор таратылып берилген.

Кутурма ылаңы боюнча эпизоотиялык абал кооптуу. Себеби, жапайы жырткыч жаныбарлар жана кемирүүчүлөрдүн санынын өсүшү, кутурма ылаңынын вирусун сактоочу негизги резервуары жана малдарга жугуучу башкы булагы болуп эсептелет.

Кутурма ылаңына каршы 6232 баш бодо мал, 3859 баш кой-эчки, 544  жылкы, 282  мышык, 245800 ит эмделди.

Кутурма ылаңын алдын алуу максатында республика боюнча 36 615 баш жолбун иттер жергиликтүү бийлик менен биргеликте аттырылып жок кылынды.

Беккари чуңкуру иштеп жатат

Республика боюнча иштеп жаткан 231 Беккари чуңкуру бар, дагы ушундай 358 Беккари чуңкурун куруу зарыл.

Ветеринардык көзөмөлдөө колдоого алынган

Ветеринардык кызмат тарабынан ишкердик субъекттерди 2024-жылдын  III-IV-кв. текшерүүгө 2918 субъект макулдашылган, анын ичинен тамак-аш коопсуздугуна тиешелүү болгон 2498 субъект текшерилип, 644 көрсөтмө берилип, ветеринардык-санитардык талаптар жана көрсөтмөлөр аткарылбагандыктан  жалпы 2 858 000 (424 субъектке) сом өлчөмүндө айып салынды.

Ишканалардын реестри иштеп жатат

Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине 2024-жылдын  12 айында 83 ишкана киргизилди, жалпысы 434 ишкана болду.

Кытай Эл Республикасынын реестринде 20 ишкана, Өзбек Республикасынын  реестринде  49 ишкана, Турция мамлекетинин реестринде  12 ишкана кирген.

Муниципалдык мал базарлар

2024-жылы 7 жаңы муниципалдык мал базарлар курулуп ишке берилди, алар: Баткен, Ноокат, Токтогул, Тоң, Лейлек, Айтматов, Сокулук райондорунда.

Учурда дагы 5 мал базар курулуп жатат, алар:  Кадамжай, Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа райондорунда, жакынкы күндө ишке берилет.

Ветеринардык кызматтын реестринде 116 мал союучу жай катталган, анын ичинен 11 мал союлуучу жай ЕАЭБдин  бирдиктүү реестрине катталган.

2024-жылы Ветеринардык кызматы тарабынан бир катар иштер жүргүзүлүп,  жыйынтыгы менен Ат-Башы, Ак-Талаа, Ноокат, Ысык-Көл, Кадамжай, Жайыл,
Талас, Сокулук, Москва, Лейлек, Тоң райондорунда жана Бишкек, Каракол шаарларында мал союучу жайлар  курулуп, ишке берилди.

Бүгүнкү күндө 98 мал союучу жай өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

Ветеринардык кызматы тарабынан мал базарларда жана мал союучу жайлардын ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана нормативдерди сактоо үчүн 60 күнү-түнү мониторинг жүргүзүүчү онлайн-видеокамералар орнотулган. Бул камералар Ветеринардык кызматтын борбордук аппаратына туташтырылып, малды союу процессин жана мал базарлардагы сооданы реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

2024-жылы борбордун Түштүк региону боюнча өкүлчүлүгүнүн, Нарын, Талас, Каракол, Балыкчы, Баткен  зоналдык ветеринардык лабораториялардын серология бөлүмдөрүн ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 эл аралык стандартына аккредитациядан өткөрүү үчүн Кыргыз аккредитация борборуна арыз тапшырылып, баштапкы аккредитациялоо боюнча органдын эксперттик тобу тарабынан баалоо иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада 2024-жылдын 23-декабрында Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан Нарын ЗВЛнын серология бөлүмүнө аккредиттөө аттестаты берилди.

2025-жыл ичинде Талас, Балыкчы, Баткен, Жалал-Абад  жана Каракол ЗВЛнын серология бөлүмдөрүнүн Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан аккредитациялоо күтүлүүдө.

Ветеринардык кызматтын атайын эсебине смета боюнча 91688,0 миң бекитилсе, аткарылганы же атайын эсепке түшкөн каражат  216785,0 миң сомду түзүп, план 1507,4% аткарылды, а.и. айлык акыга 130071,0, соц.фондго 22437,3, налогго 13007,1 миң сом которулду.

Чек ара ветеринардык көзөмөлдөө

2024-жылдын 12 айында экспорт-импорттун позициялары төмөндөгүдөй болду.

Экспорт. Бодо мал – 185 991 баш, кой-эчки – 153 749 баш, жылкы – 11 607, сүт азыктары – 33 374,7  тн, колбаса азыктары –  1 103,3  тн, балык азыктары – 2 291,0 тн, бодо малдын териси – 28 282  даана, бал – 540,1 тн. Экспорттоонун багыты – ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөргө.

Импорт. Бодо мал – 43 920 баш, кой-эчки – 488, жылкы – 11 185  баш, балык жана балык азыктары – 8 809,9  тонна, тоок эти – 93 268,5 тонна, жумуртка – 37 855 080  даана, сүт азыктары – 17 434,6  тонна, бодо малдын териси – 4800 даана, канаттуулар жана жаныбарлар үчүн жем  – 39 022,2  тонна жана балыктар үчүн жем –  6 877,9 тонна импорттолгон.

Чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункт-тарында 2024-жылдын 12 айында импорт-тоодо 107 мыйзам бузуу фактылары катталып, артка кайтаруу актылары түзүлгөн. Анын ичинде: Казакстанга – 86 артка кайтаруу актысы, Өзбекстанга – 11  артка кайтаруу актысы,  Орус Федерациясына – 8 артка кайтаруу актысы, Түркия Республикасына – 1 артка кайтаруу актысы, Кытай Эл Республикасына – 1 артка кайтаруу актысы.

Жаныбарларды идентификациялоо иштери

2024-жылдын 12 айына карата жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасында (мындан ары – ЖИКС) 2 070,4 миң баш ири мүйүздүү мал,  2,5 миң баш чочко, 503,0 миң баш жылкы активдүү (тирүү) статусун түзөт. Анын ичинен 2024–жылы республика боюнча төлдөрдү идентификациялоодо 712,5 миң баш ири мүйүздүү мал, 8,6 миң баш чочко, 32,6 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, ЖИКСна  каттоого алынды.

Топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо боюнча 126 үй канаттуулар чарбасында 147 үй канаттуулар фермасы, 1410  аары ба-гуучу чарбада 107,6 миң аары бал челектер, 203 чарбада 8 767 көлмөлөр идентификациядан өткөрүлүп, ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди.

Республика боюнча кой-эчкилерди идентификациялоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ветеринардык кызматынын буйругу чыгарылып, Араван, Кемин, Түп райондору пилоттук райондор катары аныкталган. Бүгүнкү күндө пилоттук райондордо 134,5 миң баш кой-эчкилер идентификациядан өткөрүлдү.

ЖИКС маалыматтык тутуму менен 2024-жылдын 12 айында 210 043 баш ири мүйүздүү мал, 11 384 баш жылкы жана 9 667 баш чочко союлуп, ЖИКС маалыматтык тутумунан чыгышталды.

Ветеринардык санитардык экспертиза лабораториядан 143 622 ири мүйүздүү малдын, 8 235 чочконун жана 8 526 жылкы этине (туша) изилдөө өткөрүлүп,  сатууга уруксат катары изилдөөнүн жыйынтыгы менен протоколдор берилди.

Республиканын аймагында  ветеринардык дары каражаттарын сатуу менен алектенген 267 жеке ишкер бар жана алар ЖИКС маалыматтык тутумуна катталган.

Ветеринардык кызматтагы Санарипти өнүктүрүү

2024-жылдын 12 айында  экспортко 844 уруксат кагаздары, ал эми импорттоого 1553 уруксат кагаздары жазылып берилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 424-т тескемесинин негизинде, Ветеринардык кызматка Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө маалыматтык системасынын базасында жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарына байкоо жүргүзүү маалыматтык системасын иштеп чыгуу үчүн республикалык бюджеттен 7 250 000 (жети миллион эки жүз элүү миң) сом бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө маалыматтык системасы иштелип чыгып, ишке киргизилди. Жаныбарлардан алынган азыктардын кыймылына байкоо жүргүзүү автоматташтырылган маалымат системасы чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарында жана райондук, шаардык ветеринардык башкармалыктарында тестирлөөдөн өтүп, биринчи этап менен Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн (Россия, Казакстан, Белоруссия, Армения) импорттолуп келген ветеринардык көзөмөлдөгү азыктардын кыймылына байкоо жүргүзүү боюнча ишке киргизилүүдө. Ал эми экинчи этап менен жакынкы мезгилде үчүнчү өлкөлөрдөн келген ветеринардык көзөмөлдөгү азыктардын кыймылына байкоо жүргүзүү боюнча системанын функционалы ишке киргизилет.

Ошондой эле жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №445-т тескемесине ылайык Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасында (ЖИКС) “Майда жандыктарды идентификациялоону жүргүзүү” модулун иштеп чыгуу жана мобилдик тиркеме аркылуу киргизүү үчүн 14 900 000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты “Санариптик экономиканын” алкагында республикалык бюджеттен бөлүнгөн, учурда техникалык тапшырмага ылайык системаны иштеп чыгуу процесси жүргүзүлүп жатат.

Уюштуруу-кадрдык иштери айтаарлык

Борбордук аппаратта штаттык бирдикке ылайык 70 жана чек ара ветеринардык көзөмөлдөө бөлүмүндө 139. 2024-жылдын жыйынтыгы менен борбордук аппаратта 12 кызматкер жумуштан  бошогон, 22 кызматкер жумушка дайындалган.

Резервден борбордук аппаратка жана чек ара көзөмөлдөө пункттарына жылдын жыйынтыгы менен 65 кызматкер дайындалды, анын ичинен 43  кызматкер ротация жолу менен.

Райондук ветеринардык башкармалыктарында 436 штаттык бирдиги бар, а.и. 22 вакант кызмат орундары бар. 2024-жылы 41 кызматкер бошогон жана 86 кызматкер дайындалган. Алардын 59 кызматкери резервден, 26 кызматкери ротация жолу менен дайындалган жана 53 кызматкер бошотулган. Орточо тизмеси  кызматкер кадрдык агымы  – 10.3%.

Дары каражаттары жана тоют кошулмалар борбору

КР МКнын 11.02.2022-жылдын №71 токтомунун негизинде Борбор тарабынан мамлекеттик каттоодон жана сертификациядан өткөн дары каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын реестри дайыма жаңыланып турат. Жыл ичинди реестрге сертификацияланган 871 ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары
киргизилди.

Мамлекеттик каттоо: ветеринардык дары каражаттары мамлекеттик каттоо боюнча жылдык планында 125 берилсе, отчеттук мезгил ичинде мамлекеттик каттоого 256 ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары келип түшүп, баарына каттоо күбөлүгү берилген, же пландын аткарылышы 204,8 % түздү.

Сертификаттоо: ветеринардык дары каражаттарынын сертификаттоо боюнча жылдык планында 350 берилсе, отчеттук мезгил ичинде сертификаттоого 880 ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары келип, 9 аталыштагы ветеринардык дары каражаттары мамлекеттик каттоодон өтпөгөндүгүнө байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 “Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу  жөнүндө” токтомунун  негизинде артка кайтарылып берилген. 871 ветеринардык дары каражаттарына жана тоют кошулмаларына шайкештик сертификаттары берилип 248,9% түздү.

Лицензиялоо: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо” жөнүндө №678 токтомунун негизинде ветеринардык дары каражаттарын өндүрүү, даярдоо жана саттуу иштерин лицензиялоо боюнча электрондук маалымат тутуму “Агро-Смарт” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын   29-мартындагы “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо” жөнүндө № 74  токтумун ишке ашыруу тууралуу буйругу менен ишке киргизилип, бүгүнкү күнгө чейин 126 ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын  чекене жана дүң сатуучулардан арыздар келип түшүп,  62 ветеринардык дары каражаттарын сатуучуларга уруксат лицензиясы берилип, 73  ветеринардык дары каражаттарын сатуучу, сактоочу жайлардын арыздары талапка жооп бербегендиктен  артка кайтарылды.

Отчеттук мезгил ичинде мамлекеттик каттоого 256 аталыштагы ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмаларынын зыянсыздыгына, уулуулугуна жана пирагендүүлүгүнө текшерилип, сыноо протоколу берилди.

Сертификаттоодон өткөн ветеринардык дары каражаттарынын зыянсыздыгын,
уулуулугун, пирагендүүлүгүн жана натыйжалуулугун аныктоо максатында мониторинг контролдоого 84 ветеринардык дары каражаттары келип түшүп, сыноо иштери жүргүзүлүп протоколдору берилди.

2025-жылга карата аткарылуучу иш-пландары

Ветеринардык кызматтын  максаты адамдын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринен калктын саламаттыгын коргоо, эпизоотиялык туруктуулукту, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо.

Ветеринардык кызматы белгиленген иш-чараларын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, 7 укуктук ченемдик актыларынын долбоорун иштеп чыгып, КР Министрлер Кабинетине киргизүүнү пландады. Алар:

– “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө”,

– “Айыл чарба малдарынын сибирь жарасы ылаңына каршы күрөшүү жөнүндө” нускаманын буйругунун долбоорун,

– «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексине өзгөртүү киргизүү,

– “КРнын аймагында ветеринардык дары каражаттарынын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу маселелери жөнүндө”,

– “Ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү жөнүндө” токтомдун долбоорун даярдоо  ж.б.

Өлкөнүн аймагында эпизоотиялык бакубаттуулукту камсыз кылуу үчүн төмөнкү иштер жүргүзүлөт:

–  Айыл чарба жаныбарларын жазгы жана күзгү диагностикалоо жана эмдөө иштери;

– БДЖКУ (ВОЗЖ) тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын шарп оорусуна каршы расмий программасын кайра бекитүү;

– Эпизоотияга каршы жана коммуникациялык иш-чараларды уюштуруу;

– Кыргыз Республикасында «Статустарын таануунун стандарттуу операциялык жол-жоболору»деген темада эл аралык жумушчу жолугушууну өткөрүү;

– Республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыланчу ылаңдардын тизмесин жаңылоо боюнча КР Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу ж.б.

Ветеринардык көзөмөлдөө иш-чаралары колго алынат:

– КР Министрлер Кабинетинин “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө” токтомуна ылайык КР Экономика жана коммерция  министрлигине текшерүү жөнүндө 2025-жылга карата планына киргизүү;

– КР мал базарларды, мал союучу жайларды ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык келтирүү;

– Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы этке жана канаттуулардын субпродуктуларына, кой-эчкинин жуулган жүнүнүн жана кашемиринин ветеринардык-санитардык талаптар жөнүндө протоколду ишке ашыруу;

– Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясынын аймагына 10 сүт жана балык продукцияларын сертификациялоону калыбына келтирүү;

– Өзбекстан Республикасынын, КЭРдин жана башка өлкөлөрдүн ишканаларынын
реестрине 10дон жаңы ишканаларды киргизүү;

– Чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарына “Санарип VET” Жаныбарлардан алынган азыктардын кыймылына байкоо жүргүзүү” автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүү;

– ЧВКПларды боди камералар менен камсыздоо;

– ЧВКП, ИВКП жана УСКларды заманбап жабдуулар менен жабдуу.

Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо иштери колго алынат:

– Сүттүн кыймылына көзөмөл жүргүзүү, майда мүйүздүү малдарды  идентифика-
циялоо модулдарын ишке киргизүү;

– ЖИКС тутумунун серверин жаңылоо;

– Топтук идентификациялоо модулуна толуктоолорду киргизүү ж.б.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар