whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.5 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактар"Улуу тарыхы бар элдин — улуу келечеги бар"

«Улуу тарыхы бар элдин — улуу келечеги бар»

Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров:  

Ишти илгерилеткен инвестиция

Ат-Башы районунун “Балык-Суу” участогунда «Шахтал» ОсОО  ишканасы 800 миң доллар инвестиция салып, өндүрүштү ачуу пландалып жатат. Ишкананын ишке берилүүсү менен орточо 60 жумуш орун түзүлөт. Учурда жумушчулардын жатаканасы салынып, бардык шарттар түзүлгөн. 2025-жылдын жаз айлары менен тоо-кен техникалары алынып, өндүрүш иштери башталат.

“Ак-Каймак” ишканасы 2024-жылы Бүткүл Дүйнөлүк банк аркылуу “Сүт” долбоору аркылуу 4%дык 1,5 млн. сомдук кредит алып, 2 даана постеризатор, 500 литрлик сепаратор алды.  Жаңы алынган технологиялык жабдуулардын жардамы менен чыгаруучу сүт азыктардын көлүмү көбөйүп, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дүкөндөрүн камсыздап келүүдө.

Казыбек айылындагы «Ат-Башы-Кенч» айыл чарба коммерциялык кооперативи сапаттуу тоют, эт жана сүт өндүрүү максатында уюшулду. Мамлекеттик айыл чарба фондунун жеринен 83,5 га жер алды, АРИСтин ПОДР долбоору аркылуу жалпы наркы 70 миң доллар каражатка  кампа салдырып, үрөн тазалоочу, байытылган тоют өндүрүүчү жана тоюттун түрүн даярдоочу технологиялык жабдууларды алып келип орнотту. “Эмгектин баатыры” меценат А.Салымбековдун демөөрчүлүгүндө заманбап архитектура, жаңы концепция менен райондук инновациялык китепкана курулду.

Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак участогунда 2020-жылы Ак-Талаа айылдык Кеңештен  200га жер аянты транформацияланган. Мындан, 24га жери терминал курууга КР Бажы кызматына чечим кабыл алынса, калган 176 га жери соода  логистикалык борборду курууга максатталган. Бирок логистикалык борборду куруу маселеси ар кандай себептер менен учурунда курулбай, тосколдуктар болгон.

Азыркы мезгилде Кара-Булак участогунда ОсОО “Нарын Кургак Порт” эркин соода аянтчасы ачылып, Ат-Башы ири унаа рыногу жана эт комбинатынын курулушу “Кыргыз Почтасы”ААК, “Кара-Булак” ОсОО, “Shaanxi Lingyun Logisics Go.,Lid” ЖЧКсы  тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул багытта “Кара-Булак” ЖЧКсы 50550,0 миң сом инвестиция салып, узундугу 15 км. электр зымдары, 9 км. жерден суу тартылып келинген. Экологиялык таза материалдардан жатакана жана тамактануучу жайлар, иш алып баруучу имараттар менен товарларды түшүрүп, сактоочу ири кампалар курулуп, банктардын филиалдарынын имараттары, керектүү инфраструктура жана кеңселери салынган. Мындан сырткары май куюучу жай бүткөрүлгөн.

“Улуу тоодо – улуу тарых, улуу нарк” форуму

2024-жылы «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыктын алкагында  улуу муундардын оротосунда (60 жаштан жогору) Ак-Моюн, Кара-Суу, 1- Май, Баш-Кайыңды, Калинин айылдарында, ал эми Жумгал районунун жигиттери менен Ат-Башы районунун кыздарынын ортосунда Сармерден кыз-жигиттер оюну жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

“Улуттук нарк жөнүндө” жарлыктын алкагында 2024-жылдын 13-мартында кыргыздын нукура каада-салттарын жайылтуу максатында  Казыбек айыл өкмөтүндө “Тушоо кесүү”, “Бешикке салуу” салттары, улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк жана  тамак-аш көргөзмөлөрү уюштурулуп, рес-публика боюнча телевидениеден чагылдырылды. Айыл өкмөттөр арасындагы “Айыл наркы” маданий-массалык иш-чарасы жогорку деңгээлде уюштурулуп, жыйынтыгында 1-орунду Ак-Моюн айыл өкмөтү, 2-орунду Казыбек айыл өкмөтү, 3-орунду Баш-Кайыңды айыл өкмөтү, 4-орунду Кара-Суу айыл өкмөтү, 5-орунду Ат-Башы айыл өкмөтү ээлешкен.

Мындан сырткары  Ат-Башы районунда “Улуу тоодо-улуу тарых, улуу нарк” форуму өткөрүлдү. Форумга илимий изилдөөчүлөр, тарыхчылар, окумуштуу профессорлор катышып, Ат-Башы жергесинин тарыхый олуттуу орду даңазаланып, тастыкталган тарыхыбыз жөнүндө баяндамалар айтылды. Ошондой эле Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектептин окуучулары эл аралык конкурс-тарга катышып, бир нече алдыңкы орундарды камсыздап келишти.

Көрсөтүлгөн жардамдар

Акыркы 3 жылда пособие алган социалдык аярлуу катмарларга 100 миң сомдон 523 үй-бүлөгө каражат берилип, аларды ишке тартып кирешелүү үй-бүлөгө айландыруу, социалдык жактан мобилизациялоо абдан жакшы натыйжасын берүүдө. Алардын ичинен бир топ үй-бүлө ийгиликтүү ишмердүүлүк кылып, келечекте абдан мыкты ишкер болуусу күтүлүүдө. 2022-жылы 50 үй-бүлөнүн ичинен 27 адам 52 баш ири мүйүздүү мал алышкан, малдары 2025-жылга жалпысынан 120 баш төл берген. Ошондой эле 9 үй-бүлө тигүү машиналарын алышып, алардын  кирешеси айына 20 миң сом, ээр чабуу боюнча 1 үй-бүлө айына 15 миң сом киреше тапкан. Ал эми, кондитердик азыктарды даярдоо боюнча Талды-Суу айылынын тургуну Кемелова Перизат айыл ичинен сүт чогултуп, кондитердик азыктарына кошуу үчүн сүттөн быштак даярдоо ыкмасын да колдонуу менен айына тапкан кирешеси 20 миң сомду түзүп, кошумча 2 жумушчу орунду түзө алган. Ал эми калган 3 үй-бүлө ар кандай кондитердик азыктарды жасап, айыл жергесиндеги азык түлүк дүкөндөрүнө өздөрүнүн продукцияларын коюп, айына 10 миң сомдон киреше табуу менен ар бири 2ден кошумча жумушчу орунду түзө алышты.

Ошондой эле кондитердик азыктарды даярдоо боюнча социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган Турдалиева Дамира 2024-жылы президенттин демилгеси менен берилип жаткан пайызсыз насыядан 200 миң сом алып “Манты центр” аталышындагы чакан ашкана ачып дагы кирешесин кеңейтүүдө. Жыгач цех иштетүү боюнча 1 үй-бүлө айына 25 миң сом, кол өнөрчүлүк кийиз менен иштөө боюнча 1 үй-бүлө айына 10 миң сом киреше таап, 2022-жылы социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган аз камсыз болгон 50 үй-бүлө 25 кошумча жумушчу орундарды түзө алышкан. 2023-жылы 145 үй-бүлө социалдык жардам алышкан, анын ичинен 13 үй-бүлө патент ачып иштеп келишет.

Алардын ичинен 129 адам мал жандык көбөйтүү багытында жардам алышып 216 баш майда жандык сатып алышкан, азыркы  учурда 110 баш майда жандык төл берген. Ал эми 97 баш ири мүйүздүү мал алгандардын малдары  21 баш төл берген. Ошондой эле тигүү машиналары боюнча 10 үй-бүлө  айына 15 миң сомдон киреше табуу менен 5 кошумча жумушчу орун түзө алышкан, соода сатык боюнча 2 үй-бүлө айына 10 миң сомдон киреше таап, ал эми, такси кызматы боюнча 1 үй-бүлө айына 10  миң сом киреше таап иштеп жатышат. Кол өнөрчүлүк кийиз менен 2 үй-бүлө айына 20 миң сом киреше таап, 3 кошумча жумушчу орунду түзгөн. Ал эми 1 үй-бүлө унаа жуугуч иштетип айына 15 миң сом таап келишет. 145 үй-бүлөнүн ичинен 15и кошумча жумуш орун түзө  алышкан. 2024-жылы район боюнча  268 квота толугу менен аткарылып, кошумча дагы 10 квота берилип, жалпысынан 278 үй-бүлө бизнес долбоорун жазышып, социалдык контракттын негизинде 100 миң сом алышты.

Туризм тармагын өнүктүрүү

Туризм тармагы райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү  артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Ат-Башы району улуу тоолордун койнунда, өзгөчө тарыхы, уламыштары  бар, географиялык жайгашышы, экологиялык жагымдуулугу, тоолуу ландшафттагы кооз жаратылышы жана табигый-климатынын ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн Улуу Жибек жолу менен болгон тарыхый байланышы жана туризмди өнүктүрүүгө келечектүү потенциалы бар район. “Таш-Рабат” кербен сарайы, “Кошой-Коргон” шаар чалдыбары, Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлү, Орто Азиядагы эң чоң шаркыратма “Шар” шаркыратмасы, “Көл-Тетири”  жана  “Чатыр-Көл” көлдөрү ички жана чет элдик туристтерди жылдан-жылга өзүнө тартып, улам алардын келүүсү көбөйүүдө.

Ошондой эле, ата-бабабыздын эзелки көчмөн турмушунан бери келе жаткан элибиздин каада-салттары, кол өнөрчүлүгү, кыргыздын улуттук оюндары жана тамак-аштары туристтерди кызыктырып, таң калтырып келүүдө.  2015-2016 – «Кыргыз Шырдагы » фестивалы Ат-Башы районунда өткөрүлүп, дүйнө жүзүнө кыргыздын шырдагы таанылып, даңазаланган. Райондо туризм чөйрөсү боюнча каттоодон өткөн 33 субьект иш алып барышса, ички жайкы туристтик сезон мезгилинде «Богошту», «Сары-Тал», «Босого», «Кичи-Ача», «Беш Белчер», «Ак-Сай» жайлоолорунда селкинчек салып, бээ байлатып, кымыз берип ички-сырткы туристтерди ондогон жеке ишкерлер тейлеп келишүүдө.

2024-жылдын 12 айында жалпы 30 718  турист келген, анын ичинен чет элдик жарандар – 6143, ички туристтер – 24 575. Райондо 28 республикалык маанидеги, 53 жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий объекттер жайгашкан. Ошондой эле “Кыргыз көчү” жана “Кыргыз даамы – 2024” этнофес-тивалы өттү. Боордош казак элинин 20дан ашык таланттары келип, фестивалдын көркүн ачты. Анда, көчмөн кыргыз элинин ынтымагы, тарыхый-маданий мурастары, каада-салттары жана улуттук ашкананын нукуралыгы даңазаланып, келген меймандарга кыргыздын үрп-адаттары, маданий мурастары, улуттук оюндары жана улуттук тамак-аштары менен жакындан тааныштырылды.

Келечектүү кадамдарга барабыз   

Жыл аягында “Улуу тоодо – улуу тарых, улуу нарк» форуму жогорку деңгээлде өттү. Ат-Башы жергесинин кыргыз тарыхындагы тарыхый ордун терең талдоо, тарыхый баа берүү максатында тарых булактарында, «Манас» эпосунда олуттуу орун ээлеген Кошой атабыздын, Кошой коргонунун, Чеч-Дөбөнүн жана башка Ат-Башы жергесиндеги тарыхый жерлери тууралуу баяндамалар болду. Форумда 7 пункттан турган резолюция кабыл алынып, анын ичинде “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактоодо, кыргыз элинин ынтымагын, биримдигин бекемдөөдө Кошой атабыздын эбегейсиз тарыхый ордун чагылдырган “Кошой ордосу тарыхый этнокомплексин куруу ” бир добуштан кабыл алынып, колдоого алынды.

Кышкы туризмди өнүктүрүү максатында акыркы 3 жылдан бери Ак-Сай өрөөнүндөгү Көл-Суу көлүндө кышкы фестивалдар өткөрүлүп келүүдө. Быйылкы жылы дагы 10-февралда Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Көл-Суу көлүндө  Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен 3-ирет “Көл-Суу керемети” фестивалы өткөрүлдү. Иш-чарага район эли жана бир катар чет элдик туристтердин жана Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Габриэла Геллил, БУУнун өкүлү жана Жогорку Кеңештин аппаратынан өкүлдөр келип катышты. Фестивалдын жүрүшүндө көзгө атар мергенчилердин таамай атуусу, мүнүшкөрлүк, аркан тартыш жана башка улуттук оюндар ойнотулду.

Албетте, эс алуу жайлардын базасын чыңдоо, жаңылоо, заманбап талаптарга ылайык келген жабдыктар менен жабдуу, туристтик фирмаларга, жеке туризм багытында иш алып барган ишкерлерге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен туристтердин келүүсүн жакшырта алабыз. Улуу тарыхы бар элдин албетте, улуу келечеги бар. Биз буга ишенебиз! Бул багытта ишенимдүү, келечектүү кадамдарга барабыз!

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу” 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар