Башкы беткеСаясат жана коомКоомКамчыбек Ташиев: "Коррупциялык кылмыштар кескин азайды"

Камчыбек Ташиев: «Коррупциялык кылмыштар кескин азайды»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жемкорлукка жазаны күчөткөндөн бери коррупциялык кылмыштар кескин азайганын 11-августта Нарын шаарында атайын техниканы тапшыруу иш-чарасында билдирди. 

“Мурда уурдаган акчасын ордуна коюп, тергөө менен кызматташып кылган кылмышын мойнуна алса айып пул салып чыгарып койсо болот эле. Мыйзам боюнча 200 миң, 100 миң, 50 миң кээ бирлерине 30 миң сом айып салынчу. Жаза күчөтүлгөндөн бери кылмышты мойнуна алып, уурдаган акчаны ордуна койсо да түрмөгө отурат”, — деди Камчыбек Ташиев.

Атайын кызматтын төрагасынын айтымында, өлкө КМШ өлкөлөрүнүн ичинен экономикалык өсүү темпи боюнча биринчи орунду ээледи. Бул коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнүн аркасында жетишилди.

«Азыр уурулук, ири коррупция, бандиттер жок. Буга чейин Нарында ишкерлерди коркутуп, иштешине тоскоол болгон топтор болгон. Мындай топторду толук жок кылдык. Бүгүнкү күндө өлкөдө бир дагы уюшкан кылмыштуу топ калган жок, мындан ары дагы болбойт. Ар бир жаран ээн-эркин, үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгы үчүн жашап, иштеши керек. Бизде ушундай шарттар түзүлгөн», — деди Камчыбек Ташиев.

Эске салсак, 2024-жылы 31-декабрда президент Садыр Жапаров коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.

 

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар