Жаңы Зеландия өкмөтү Иранга каршы санкцияларды кайрадан күчүнө киргизди. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Уинстон Питерс билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Ирандын уран байытуу боюнча өз милдеттемелерин аткарбаганына байланыштуу кабыл алынган. Санкциялар 18-октябрдан тартып күчүнө кирет жана алар Иранга карата каржылык чектөөлөрдү, активдерди тоңдурууну жана кирүүгө тыюу салууну камтыйт.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-февралынан баштап Жаңы Зеландия жарандары Иран менен соода кылуу үчүн мамлекеттик каттоодон өтүүгө милдеттүү болот.
Өлкө ТИМи билдиргендей, бул кадам дүйнөлүк коомчулуктун Ирандын өзөктүк келишимди сактабаганына болгон тынчсыздануусун чагылдырат.

