Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкекте “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси башталды

Бишкекте “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси башталды

Бүгүн, 17-октябрдан тарта Бишкекте «Алтын күз» азык-түлүк жарманкеси жана «АгроТехЭкспо-2025» агроөнөржай көргөзмөсү башталды. Иш-чаралар Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтүп, 19-октябрга чейин уланат. Бул тууралуу Айыл чарба, суу ресурстары жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Көргөзмөдө заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык технологиялар, үрөн жана жер семирткичтер көрсөтүлүүдө. Ал эми жарманкеде органикалык таза айыл чарба азыктары арзан баада сатылат.

Мындан тышкары, өлкөнүн бардык дубандарынан — Ош, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас, Баткен жана Чүй аймактарынан өндүрүлгөн продукциялар да элге сунушталууда.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар