АКШдан депортацияланган 44 өзбек жараны Ташкентке жеткирилди

21-январь күнү кечинде АКШдан депортацияланган Өзбекстандын жарандарынын кезектеги чартердик рейси Ташкент шаарына келип конду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов билдирди.

Маалыматка ылайык, АКШнын аймагында мыйзамсыз жүргөн 44 Өзбекстан жараны мекенине кайтарылган. Рейс Өзбекстан менен АКШнын тиешелүү мекемелеринин биргелешкен аракеттеринин негизинде «коопсуз жана өз убагында жеткирүү» максатында уюштурулган.

Ахрор Бурхановдун айтымында, чет өлкөлөрдө жүргөн Өзбекстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо жана мекенине кайтаруу багытындагы кызматташтык мындан ары да улантылат.

Авиациялык сервистердин маалыматына караганда, рейс америкалык Omni Air International чартердик авиакомпаниясына таандык Boeing 767-300 үлгүсүндөгү учак менен аткарылган. Бул компания буга чейин, 10-октябрда да ушундай депортациялык каттамды ишке ашырган.

Учуп чыгуу маршруту АКШнын Мексика менен чектешкен Техас штатындагы Эль-Пасо шаарынан башталган. Андан соң учак Нью-Гэмпшир штатындагы Портсмут шаарына, кийин Румыниянын Бухарест шаарына, Армениянын Ереван шаарына жакын жайгашкан Звартноц аэропортуна конуп, акырында Ташкентке жеткен.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз