Тоолор бөксөрбөйт

                     Акыркы бир жумадагы Чыңгыз Айтматовго асылуулар, же тагыраагы, аны беш тыйынга арзыбаган жазуучу катары жаманатты кылуу аракети дыкат уюштурулуп, курч жана максаттуу түрдө жүрүп жатканы менен, бул былык иштердин башында ким же кимдер турат, эмне максатты көздөйт деген суроону күн тартибине коет.

Ырас, коомчулук мындай ээнооздук менен макул эместигин билдирип, кашкайган калыс позициясын айтып жатышат. Алгачкылардан болуп педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз Респуб-ликасынын эл жазуучусу Сулайман Рысбаев: «Манас» эпосу жана улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармалары башкалар үчүн жөн гана адабият болсо, биз үчүн баа жеткис улуттук баалуулуктар! Улут эгер өзүнүн баалуулуктарын сактай албаса, жоготуп алса, ал улут катары өзүн сактай албайт. Биз, кыргыз эли, кичинекей элбиз. Бирок дүйнөлүк маданиятка эч теңдешсиз «Манас» эпопеясы менен ааламдын Айтматовун бердик. Андыктан, андай улуу табериктерибизди кир жугузбай, сөз тийгизбей, көз тийгизбей сакташыбыз керек. Биз Америка эмеспиз, Кытай эмеспиз, Россия эмеспиз, алар дүйнөнүн арстандары, жолборстору, а биз аларга жогоркудай улуу баалуулуктарыбыз менен гана теңеле алабыз. Андыктан, биз андай баалуулуктарыбызды аздектеп күтө билишибиз керек. Мейли, аларды оку же окуба, жаман көзүң менен караба, жаман сөзүңдү агытпа” деген позициясын билдирди.

Биз педагогика илимдеринин доктору-нун айткандарына 100 пайыз кошулабыз. Бүгүн Европада да, Америкада да, Азияда да кыргызды жана кыргыз мамлекетин Айтматов аркылуу таанышат. Кыргызстанга келип-кетишкендер бул жер, бул мамлекет Айтматовдун мекени болгону үчүн келишет. Кимдир-бирөөлөр каалайбы же жокпу, кыргыз элин, кыргыз улутун, кыргыз мамлекетин дүйнөгө даңазалоо менен Чыңгыз Айтматов көзү тирүүсүндө эле улуттук баалуулукка айланып калган. Бул талашсыз чындык.

Бекеринен Каныбек Иманалиев: “Манаска,Чыңгыз Айтматовго акаарат айтуу ата бабалардын арбагына шек келтиргенге тете!” деп айтканы жок. Филология илимдеринин доктору Дилбар Чокоева Айтматовго асылуу, каралоо долбоорун “Улуттук гаңгирбаштыктын туу чокусу” катары баалады. Кыргыз улуттук жазуучулар союзу кыргыз элинин сыймыгы болгон Чыңгыз Айтматовдун дарегине интернет булактарында жолдонгон негизсиз, адепсиз «көз карашты» кескин айыптап, сүйлөнгөн сөздөрдү кыргыздын нукура адабиятын жана улуттук нарк-насилин тепсөөгө жол берүү катары
баалайбыз.

Коомчулуктун пикирин эске алып, тиешелүү тараптардын мыйзам чегинде укуктук баа беришин максаттуу деп эсептейбиз” деген позициясын билдирди.

Эсиңиздердеби, Айтматовубуз асабабыз болуп, кыргыз тили үчүн жан аябай күрөшүп, “немецтердин эки мекени бар, демек немец тили башка жерде өнүкпөсө да, өз жеринде өнүгө берет, корейлердин эки өлкөсү бар, эгер корей тили бизде өнүкпөсө деле ошол эки мамлекетте өнүгүп өсө берет, а кыргыздардын бир эле мекени бар, кыргыз тили Кыргызстанда өнүкпөсө, башка эч жерде өнүгүп-өсө албайт” дегени. Улуу жазуучунун ушул сөздөрү жүрөгүбүздү титиретип, улутубуздун руханий лидери экенин далилдеди эле го.

Анан эмне болду?!!

Арийне, өкүнүчтүүсү, залкар жазуучуга итатайы тутулгандар  соцтармактарда арбын болуп чыкты. Алардын бири: “Чынгыз Айтматов өзү эркиндикти, эркин ой жүгүрткөндү, өз оюн эркин айткандарды колдогон киши болгон. «Акбаранын көз жашы» фильминдеги Базарбайды, парторгду, анан «эмнеге сен өлбөй, ал өлүп калды» – деген Бостонду эстегиле. Эгерде Чыңгыз Айтматовду колдойм десеңер, анын эркиндикти сүйгөн идеясын да колдогула”  десе, дагы бири: “Конституциянын 32-беренесинин кепилдиктери мындай: Ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга укуктуу. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес. Көпчүлүк азчылыкка эч нерсе таңуулай албайт. Мамлекет жана анын органдары 32-беренедеги адам укугун камсыздоого милдеттүү. Ар бир популярдуу эмес ой конституциялык кепилдик менен корголгон. Бүгүн эркин ой айткан бирөөнүн укугу бузулса, эртең ар бирөөңө көпчүлүктүн оюн таңуулайт — компартиянын дооруна келебиз, диктатура ачык орнойт”, – деп жазды.

Бул комментарийлерден көрүнүп тургандай, анын авторлорун сабатсыз деп айтууга болбойт. Өтө сабаттуу немелер.

Залкар жазуучуга таш ыргыткандардын ана башына ээн ооздордун тандалып алынганы да бекер эместей. Кеп, анын ким экендигинде, эмне деп айтканында эмес, тарапташтарынын оголе көп экендигинде жана Айтматовго, демек, улуттук баалуулуктарга карата таш ыргытыла баштаганда бир муштумдай бириге калганында.

Алар: “Биз Айтматовдун жеке өзүнө эч кандай каралаган сөз айткан жокпуз, ал эми жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу өз оюбузду айтканга укугубуз бар, эгер анын чыгармалары бизге жакпаса, бизди кыйнайсыңарбы. Ар кимдин табити ар башка, ар ким өз оюн айтканга жаран катары укуктуу” – деген аргументти бетке кармап жатышат.

Чынында эле ошондойбу? Ар ким өз оюн коомчулукка таңуулап дөөдүрөй бергенге укуктуубу?

“Адам укуктарынын жана эркиндиктеринин бүт дүйнөлүк декларациясын” окуп көрөлү. Анда “Ар бир адам ой жүгүртүү, абийир жана дин тутуу эркиндигине укуктуу” деп айтылган, бирок ошол эле декларацияда “Ар бир адамдын коом алдында милдеттери бар, анткени ал инсан катары ошол коомдо гана эркин жана толук өнүгүшү мүмкүн” деп жазылган. Бул ой андан ары “Бардык адамдар эркин жана өз кадыр-баркы жана укуктары боюнча тең болуп төрөлүшөт. Аларга акыл-эс жана абийир берилген, ошондуктан бири-бирине бир туугандык мамиле кылууга тийиш” делип
толукталган.

Демек, ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө укуктуу болгону менен, анын коом алдында милдеттери бар. Ал ошол милдеттерин аткарууга тийиш, “анткени ал инсан катары ошол коомдо гана эркин жана толук өнүгүшү мүмкүн”.

Ырас, кээ бирөөлөрдүн “Эмне үчүн Айтматовду окушубуз керек. Ар ким өзүнө жактырган гана акын-жазуучусун окуйт эмеспи, мунун эмнеси бар?” деп айткандарынын жүйөсү бар. Бүгүн Айтматовду окубаган, Айтматовдун ким экенин билбеген муун деле өсүп келе жатканы да чындык. Бул бүгүнкү билим берүү сис-темасынын өксүгү. 2000-жылдары мектеп окуучуларына “Мен келечекте ким болгум келет?” деген темада сочинение жаздырса, “Мен келечекте Батукаевдей “вор в законе” болом” деп жазган мектеп окуучулары болушкан. Ал убакта мектеп рэкети күчөп, апогейине жетип, күч органдары мектеп рэкетинин алдында алсыз болуп, эч нерсе кыла албай, шалдайып отуруп калган жылдар болчу.

Антип сочинение жазган мектеп окуу-чусун деле түшүнсө болот, үйүндө жетишпеген турмуш болсо, кышкысын суук үйдө, жарты сындырым нанга жетпей жашаса, анысы аз келгенсип, мектепке келсе, муштуму чоң балдар “баланча сом алып келесиң” деп салык салса, ал мындай аргасыз абалдан чыгуунун жолун “вор в законе” болуудан көрөт эмеспи. Мектеп рэкетинин айынан канчалаган мектеп окуучулары өзүн өзү өлтүрүүгө чейин барбады. Мунун баары кашкайган чындык да.

Бүгүн ошол муун – өздөрү рэкет болушкан, рэкеттерге “ляппай” деп кызмат кылган жана рэкеттерден кордук көрүшкөн муун өсүп жетилип, алды 40-45, арты 30-35 жашка келип калышты. Ошол кагылышта канчасынын психологиясы сынды, канчасы аман соо калды аны бир Кудайдын өзү билет.

Акын Жыргалбек Касаболотовдун: “Айтматовду окубай койсо болобу? Албетте, болот. Элдин баары эле адабиятка кызыгууга милдеттүү эмес. Бирок анда пикир айтуунун да кажети жок. «Окуган эмесмин» деп туруп кайра ооз көптүрүп баа берүү – бери дегенде коомдук-психиатриялык диагноз” дегенинин ачуу чындыгы ушул жакта.

Аргасыз Чыңгыз Айтматовдун “Маңкурт” жөнүндө баяны эске түшөт. “…Эки тарап алысты чочулай карап бараткан эне маңкурт уулу төөнүн далдаа-сына тизелей отуруп, жаа кезеп калганын байкабады. Күндүн нуру көзүнө түз тийип, маңкурт атар маалды күтүп калган.

Жоламан! Уулум! Уулум эмне болгон деп чочулаган Найман-Эне үн салып баратты. Анан ээрде толгоно берди да… Атпа! деп кыйкырганга араң жарады. Акмаяны бура тартып бет маңдайлашууга үлгүрбөдү, ышкырып келген жебе сол колтугуна сайылды. Өлтүрөр жебе ушул эле. Найман-Эне өркөчтү кучактай ооп жыгылып баратты. Бирок бою жерге тийгенче башындагы ак жоолук шыпырылып түштү да, жерге жетпей куш болуп, аба кайкып учуп чыкты. Жөн учпай адамча үн салып учуп чыкты: «Эсиңе кел, сен кимсиң? Атың ким? Сенин атың Дөнөнбай! Дөнөнбай! Дөнөнбай!» …

Маңкурт дегенде биз тарыхый эс-тутумун, адеп-ахлактык, руханий баалуу-
луктарын жана багыттарын, ошондой эле өз эли менен болгон байланышын жоготкон адамды билебиз. Арийне, бул түшүнүк бүгүн толуктоо, алымча-кошумчаларды да талап кылат.

Маңкурт жөн гана акыл-эсинен ажыраган адам эмес, маңкурт бул кас душмандын таасиринен мекенин, тегин унуткан, өзүнүн ким экенин билбеген дөөпараз.

Айтматовго асылгандар туура айтат, “ширетүүчү” жазуучунун чыгармаларын окугандан кийин да “ширетүүчү” бойдон кала берет. Анткени, ширетүүчүлүк жаман кесип эмес. Кесиптердин эң мыктысы, керектүүсү. Ак эмгеги менен оокат
таап жегендин эч кандай уяты жок. Залкар жазуучунун чыгармаларында да эмгек адамы даңазаланганы бекеринен эмес. Жер эне менен сүйлөшкөн Толгонайдын образын алалычы. Эмне деген керемет образ. Айкөл да, мээримдүү да, боорукер да, акылман да кыргыз эненин образын Айтматов Толгонай аркылуу чагылдырып жаткан жокпу.

Албетте, маңкурттун образы үчүн чычалап, жерди-сууну тепкилегендерди түшүнсө болот. Себеби, алар маңкурттан өздөрүн көрүп жатышкандай. Бирок, аларга бир нерсени эскертип коюшубуз
керек.

Маңкурт – кыргыз эмес, маңкуртта улут да, улуттук кызыкчылыктар, улуттук баалуулуктар да жок. Маңкурт – кас душмандын таасиринде калган адам. Айтматовдун маңкурт тууралуу баянынан айырмаланып, азыркы маңкурттардын башына шири кийгизилбейт, азыркы маңкурттарды акча менен азгырып маңкурт кылышат. Азыркы маңкурттар – соода-сатыктын объектисине айланып калган көр пенделер. Мүмкүн, алар бай жашашы мүмкүн, колунда бийлиги болушу да ыктымал. Чини, даражасы, илимий наамы да болушу шексиз. Башкаларга акылдуу сүйлөшү да турулуу иш. Бирок аларда улуттук аң-сезим, улуттук ар-намыс, улуттук баалуулуктар болбойт. Алардын шору мына ушунда.

Бул күндөр да өтөт. Айтматовго асылган аракеттер да мезгилдин таштандысында кала берет. А бирок, маңкурттардын тагдыры кандай болот, алар улуттук акыл-эс, улуттук аң-сезим, улуттук ар-намысты өзүнө сиңирип, качандыр бир өз жаңылыштыктары үчүн өкүнөбү, муну айтуу кыйын.

А тоолор болсо эч качан бөксөрбөйт.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз