Бүгүн Бишкектеги айрым мектептерде сабактардын форматы боюнча түшүнбөстүк чыкты — кээ бир мектептер онлайн окутууга өткөнүн билдирсе, мэрия сабактар кадимки тартипте өтүп жатат деп маалымдады.
Айрым мугалимдер окуучуларга бүгүн сабактар онлайн өтөрүн айтып, тапшырмаларды WhatsApp аркылуу жөнөтүшкөн. Бирок вице-мэр Виктория Мозгачева мектептер офлайн режимде иштеп жатканын ырастады.
Эске салсак, 16-октябрда социалдык тармактарда белгисиз адамдын Бишкек мектептерине коркутуу менен кайрылган видеосу тараган. Милиция аны Украина жараны Ярослав Овсюк экенин аныктады. Ал телефондук терроризм боюнча эл аралык издөөгө алынган.
Башында мэрия 17-октябрда бардык муниципалдык мектептерди онлайн форматка өткөрүүнү пландаган, бирок кийин бул чечимден баш тарткан. Милиция мектептерди текшерип, коопсуздукка коркунуч жок экенин билдирген.
Учурда укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүүдө, окуучулар менен мугалимдердин коопсуздугу камсыздалууда.

