Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыИран: 1300дөн ашык жаран каза болду

Иран: 1300дөн ашык жаран каза болду

АКШ менен Израилдин соккуларынын натыйжасында 28-февралдан бери Иранда 1300дөн ашык жайкын тургун каза болуп, 9669 жарандык объект талкаланганын Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани билдирди.

Анын айтымында, талкаланган объекттердин арасында 7943 турак үй, 1617 соода жана тейлөө борбору, 32 медициналык жана фармацевтикалык мекеме, 65 мектеп жана билим берүү жайы, ошондой эле Кызыл Жарым Ай коому колдонгон 13 имарат бар. Мындан тышкары, бир катар энергетикалык объекттер да жабыркаган.

Иравани бир нече кол салуу учурларын мисал келтирди. Анын ичинде Тегеран жана башка шаарлардагы күйүүчү май сактоочу жайларга жасалган соккулардан кийин атмосферага уулуу жана кооптуу заттар тараган. Бул абанын катуу булганышына алып келип, айрыкча балдарга, аялдарга, улгайган адамдарга жана оорулуу жарандарга олуттуу коркунуч жараткан.

Ошондой эле Тегерандагы Мехрабад аэропорту соккуга кабылып, бир нече жарандык учак жана аэропорттун инфраструктурасы кыйраган. Ал эми Хормозган провинциясындагы Кешм аралында жайгашкан тузсуздандыруу заводуна кол салуудан кийин 30 айылдын суу менен камсыздалышы үзгүлтүккө учураганы маалымдалды.

Мындан тышкары, Иравани жекшемби күнү Ливандын борбору Бейрут шаарындагы Ramada Hotel Beirut мейманканасына жасалган соккудан төрт ирандык дипломат каза болгонун айтты. Анын баамында, дипломаттарды башка мамлекеттин аймагында бутага алуу — эл аралык укукту одоно бузган террористтик акт жана аскердик кылмыш болуп саналат.

Иран өкүлү эл аралык коомчулукту бул кандуу жаңжалды токтотуу үчүн тез арада чара көрүүгө чакырып, өлкө өз жарандарын жана аймагын коргоо үчүн бардык зарыл кадамдарды жасай турганын белгиледи.


Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар