Башкы беткеСаясат жана коомКоомАКШдан депортацияланган 20 жаран Кыргызстанга кайтып келди

АКШдан депортацияланган 20 жаран Кыргызстанга кайтып келди

Нью-Йорк – Ташкент – Бишкек багыты боюнча уюштурулган чартердик каттам аркылуу 20 кыргызстандык өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттам Өзбекстан менен АКШнын ортосунда жетишилген макулдашуулардын негизинде уюштурулган.

АКШ тараптын маалыматына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн жарандар өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу кармалган жана атайын мекемелерде кармалып турган. Бардык иммиграциялык жол-жоболор, анын ичинде соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин алар өлкөдөн депортацияланууга тийиш болгон чет элдик жарандардын тизмесине киргизилген.

АКШдагы жана Өзбекстандагы Кыргызстандын мекемелери жарандардын коопсуз жана өз убагында мекенине кайтып келүүсүн камсыз кылуу максатында тиешелүү өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен тыгыз байланышта иш алып барууда.

Министрлик чет мамлекеттердин, анын ичинде АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузуу — депортация, өлкөгө кайра кирүүгө тыюу салуу жана башка чектөөлөр сыяктуу олуттуу укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн эскертет.

Ушуга байланыштуу ТИМ чет өлкөлөдө жашап жаткан Кыргызстандын жарандарына өлкөнүн мыйзамдарын так сактоону, ошондой эле укуктук же башка кыйынчылыктар жаралган учурда Кыргызстандын дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнө өз убагында кайрылууну сунуштайт.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар