whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.02.2026
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаАйыл чарба министрлиги сапаттуу үрөн тандоо зарылдыгын эскертет

Айыл чарба министрлиги сапаттуу үрөн тандоо зарылдыгын эскертет

Айыл чарба министрлиги акыркы жылдары мыйзамсыз, сапатсыз жана контрафакттык үрөндөрдүн жана көчөт материалдарынын жүгүртүүсү көбөйүп жатканын белгилеп, бул көрүнүш олуттуу кесепеттерге алып келип жатканын эскертти.

Маалыматка ылайык, сапатсыз үрөндөр түшүмдүн азайышына, өсүмдүк ооруларынын жайылышына жана фермердик чарбаларга экономикалык зыян келтирүүдө. Министрлик агрардык коопсуздук улуттук азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү бөлүгү экенин белгилеп, мындан ары мындай көрүнүштөргө жол берилбестигин билдирди.

Ушуга байланыштуу министрлик нормативдик-укуктук акттын долбоорун иштеп чыгууда. Документке ылайык, дыйкан жана фермер чарбаларына, агроишканаларга жана кооперативдерге бардык айыл чарба өсүмдүктөрүн отургузууда сапат сертификаты жана келип чыгыш сертификаты бар үрөн жана көчөт материалдарын гана колдонуу милдети жүктөлөт.

Министрлик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө азыртан тартып төмөнкү талаптарды сактоону сунуштайт:

  • үрөндөрдү жана көчөттөрдү сертификатталган жеткирүүчүлөрдөн гана сатып алуу;

  • сатуучулардан сапаты жана келип чыгышы боюнча расмий документтерди талап кылуу;

  • үрөндүк материалдардын ар бир партиясы боюнча сертификаттардын архивин түзүү.

Ошол эле учурда министрлик маанилүү эскертүү жасады: эгер фермерлер колдонулган үрөндөрдүн сапатын, сертификациясын жана келип чыгышын тастыктай алышпаса, мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү жеңилдиктерден жана колдоо чараларынан пайдалана алышпайт.

Белгилей кетсек, учурда мамлекет тарабынан:

  • жеңилдетилген насыялар берилүүдө;

  • жер участоктору бөлүнүүдө;

  • кооперативдерге ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө.

Министрлик Кыргызстан сапаттуу, көзөмөлдөнгөн жана атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын өндүрүүгө өтүшү зарыл экенин баса белгиледи.

Гезит

Окурман журтту кайра жаратуу

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити китеп окуу маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелерин талкулоо максатында “Окурман журтту кайра жаратуу” аттуу тегерек үстөл өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар