Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп, өнүгүп учурда кадимки үй-бүлөлүк бизнеске жетти.

Аты да, заты да, атүгүл жашоосу да гүлгө айланган Гүлмайрам эже 4-класстан баштап эле жайнап турган гүлдөрдөн кыя өтө албай, гүл өстүрүүнү баштаган. Ал алгач эски сыр челек идиштерине кошуна-колоң, тааныштарынын үйүндөгү гүлдөрдөн сурап келип өстүрө баштайт. Ушунчалык мээрим, сүйүү менен мамиле кылгандыктанбы, гүлүмдүн баары сонун болуп өсүп кетчү дейт ал. Анын мындай гүлгө болгон сүйүүсү чоң эне, таенесинен өткөн экен. Таенесинин үйүнө барган сайын терезелерде гүлдөп турган гүлдөр анын көңүлүн бурчу.
Гүлмайрам айым, Жалал-Абад облусунун, Ала-Бука районунун Актан айылында жашайт. Ал алыскы аймакта турганы менен, анын гүлдөрү учурда Кыргызстандын бүт аймагына тарап жатат десек болот. Гүлдөн баш тарта албаган ал турмушка чыгып, үй-бүлө курган кезде да гүлгө болгон кызыгуусун жоготпой, тескерисинче келин болуп түшкөн үйүн гүлгө толтуруп, короосуна, бөлмөлөрүнө ар тараптан, атүгүл шаарлардан, дүкөн, базарлардан сатып келип өстүрө баштаган. Гүлдүн түрүн жайнатып өстүргөн айымга тааныштары гүлдү жөн эле өстүрө бербей, сатууну сунушташкан. Эң алгач, тагыраагы 13 жыл мурун 170 сомго гүл сатып абдан кубанганын айтат
Гүлмайрам.
Гүлдү сатса, андан бизнес кылса болоорун ошондо түшүнүп, ар тараптан изилдеп баштаган. Ага алгачкы жылдары Бишкекте жашаган бир тууган сиңдиси жардам кылып, борбордон гүлдүн түрлөрүн жөнөтчү. Ал эми жолдошу гүлдөрдү койгонго текчелерди жасап берип, аларга жылуулук берүүчү жарыктарды коюп, ыңгайлуулуктарды жаратып колдоо көрсөткөн. Башында бөлмөдө эле өскөн гүлдөрү, кийин көбөйүп батпай баштаган, ошентип, анын алгачкы кичинекей күнөсканасы пайда болот. Аны жасоого да өмүрлүк жолдошунун колдоосу чоң.

3-4 жыл ошол күнөскананы иштетип, гүлдөрүн чет өлкөлөргө да сата баштаган. Анын бактысына интернет иштеп, социалдык тармактар аркылуу баар-лашуу менен алгачкы ирет чет элден буюртмаларын алган. “Биринчи Россияга гүл жөнөткөм, кийин Түркияга жөнөттүм. Ошол күндөр менин эсимен эч чыкпайт. Адам үчүн эң биринчи ийгиликтери дайыма эсинде калат экен”, – дейт Гүлмайрам. Башка өлкөлөргө болгон сатуулары анын кирешесин жакшы көтөрө баштайт.
“Кийин, гүлдөрдү чет жактардан өзүм да алдырып келе баштадым. Интернет байланышым артты, гүлдүн сорттору көбөйүп ар кандай жаңы түрлөрү чыкканы мени дагы шыктандырып, гүлгө болгон сүйүүм ого бетер өсө берди” деген Гүлмайрам эжекенин гүлдөрү күнөсканасына батпай баштайт. Күнөсканасын чоңойтконго жери да тар болгондуктан, ал изденип отуруп көп кабаттуу күнөскананы курууга киришкен. Мындай күнөскананы интернеттен көрүп, жолдошу, тууган-уруктарынын колдоосу менен дээрлик 1,5 млн. сом каражат коротуп эки кабаттуу күнөскананы курушкан. Бирок, ал күнөскананы иштетип кетүү, бутуна тургузуп, гүлдөрдү толтуруу оңой иш болгон эмес. Күнү-түнү, кышы-жазы гүлдөрдүн жанынан чыкпай, балдарындай бапестеп жүрүп, аларды кароого алган. Өзгөчө башында кышкысын эки кабаттуу күнөскананы жылытуу кыйын болгон, бир заматта суук алып кетиши мүмкүн эле. Андыктан ар бир гүлүн мээрим менен караган айым түнкү уйкусунан баш тартып, түнү менен мешке от жагып чыкчу.
“Кээде чарчап уктап калсам, жолдошум туруп көмүр салып койчу. Мени
дайыма колдогон жолдошума ыраазымын” дейт каарманыбыз.
Заман өткөн сайын, гүлдүн жаңы сорттору, башкача биз билбеген түрлөрү чыгып жатат. Ошол ар бир сорту, ар бир түрү өзүнчө камкордукту, кароону, эмгекти талап кылаарын гүл өстүргөндөр жакшы билет.
Өзгөчө чет жакта, башкача аба-ырайында өскөн гүлдөрдү биздин климатка дал келтирип өстүрүүнү үйрөнүү түйшүк экенин каарманыбыз да жашырбайт. Анын күнөсканасында учурда миңден ашык сорттогу гүл бар. Бири сууну көп ичсе, бири аз ичет. Бири күндү жактырса, бирине көлөкө керек. Анын баарын Гүлмайрам изилдеп, окуп, карап, маани берип өз ордуна коюуга аракеттенип турат. Антпесе болбойт, атайын канча каражат, убакыт кетирип, мээрим берген гүлдөрү өспөй калат. Гүл өстүрүү камкордукту, түйшүктү талап кылат.
Ошончо гүлдөрүнүн арасынан анын жактырганы гибискус гүлү. Гибискус — кооздугу жана символдук мааниси менен дүйнөгө таанымал гүл. Гибискустун кызыл, сары, ак, кызгылт, көк жана түрдүү өңдөрү бар, айрым сортторунун гүлдөрү абдан ири болуп, көз жоосун алат. Андан сырткары дайыма кароону талап кылган, өзгөчө назик бегония гүлү. Гүлмайрам эже ушундай, ар бир гүлдүн атына чейин жаттап, кароосун эле эмес, анын пайдасы бар экенине чейин маани
берет.
Учурда гүл сүйүүчүнүн иши бир топ жолго коюлуп, күнөсканасында жаңы шарттарды түзгөн. Акылдуу меш орнотуп, кышкысын жеңилдиктерди жаратып алды. Гүлдүн ар кандай оору, илдеттерине да каршы ар кандай химикалык дары-дармектер көбөйүп, жер семирткичтердин түрү чыгып, иши жеңилдеп калды.
Туруктуу кардарлары дагы өстүргөн гүлдөрүн алып турушат. Андан сырткары өзү социалдык тармактарында активдүү иш алып барып, ал жактан да кардарларын табат. Кыргызстандын эле эмес, чет өлкөлөргө чейин учур талаптарына ылайык, “тренддеги” гүлдүн түрлөрүн жөнөтүп турат. Тренд демекчи, мода деген нерсе гүл сүйүүчүлөрдө дагы бар. Гүл сүйүүчүлөр кандай жаңы сорттогу гүл чыкты, кимдер кандай гүлдү өстүрүүдө, баарын аңдап турушат.
Гүлмайрам эже “Бир кардарым эсимен кетпейт. 8000 сомдук гүлдү 7950 сомго берчи, 50 сомду нанга калтырып турайын” деп суранганы эсимен кетпейт” деп эскерет. Ушундан улам коомдо гүлдү ушунчалык сүйүп, ал үчүн жеген оокатынан баш тарткандар да бар экени таң калтырбай койбойт.
Албетте, ийгилик бир күндө жаралбайт. Ал үчүн канчалаган үмүт, тилек, анан аракет, эмгек баары керек. Кээде гүлдөрү куурап, кымбат сомго буюртма берип алдыргандарынын айрымдары ойдогудай өсүп кетпей, чыгашага учураган учурлары көп эле болгон.
“Анын баарын унутпайм, ошол учурлар мени дагы чыңалтты, кээде ыйласам, кээде соорондум, бирок менин ар бир аракетим, кыйынчылыгым көп ийгиликтерди алып келди”, – дейт каарманыбыз Гүлмайрам Кара-
баева. Жөнөкөй хоббиден бизнеске чейин көтөрүлгөн, эмгегинен бакыт тапкан айымдардын көп болуусу албетте, жалпы коомубуз үчүн сыймык.
Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”


