Канаданын премьер-министри Марк Карни Пекинде Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жана кытай ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушууда Канада менен Кытайдын ортосундагы өнөктөштүктү стратегиялык мааниге ээ деп атады.
Карнинин айтымында, бул мамилелер акыркы жылдары олуттуу кысымга кабылган көп тараптуу эл аралык системанын иштешин жакшыртууга жардам берет. Ал өзгөчө айыл чарба, энергетика жана финансы тармактарын эки өлкө ортосунда ыкчам натыйжа берчү багыттар катары белгиледи.
«Биз жетишкен прогресс жана түзүлгөн өнөктөштүк жаңы дүйнөлүк тартиптин калыптанышына ыңгайлуу шарттарды түзөт», — деди Канаданын премьер-министри.
Өз кезегинде КЭР төрагасы Си Цзиньпин акыркы айларда эки өлкө ортосунда мамилелер кайра жанданып, жаңыланганын белгилеп, жетишилген ийгиликтерге шыктанганын айтты. Ал 2025-жылдын октябрында Түштүк Кореяда өткөн АТЭС саммитинин алкагындагы жолугушууну Канада менен Кытайдын мамилесиндеги бурулуш учур катары баалады.
«Канада менен Кытайдын ортосундагы туруктуу жана саламат мамилелер эки өлкөнүн гана эмес, дүйнөнүн тынчтыгы жана туруктуулугу үчүн да маанилүү», — деп кошумчалады Си Цзиньпин.
Бул Марк Карнинин Кытайга жасаган алгачкы расмий сапары болуп саналат. Акыркы он жыл ичинде эки өлкөнүн ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер болуп келген. Анын ичинде 2018-жылы АКШнын өтүнүчү менен Канадада Huawei компаниясынын жогорку даражалуу жетекчисинин камакка алынышы жана Канада тарабынан Кытайда өндүрүлгөн электромобилдерге 100 пайыздык бажы төлөмдөрдүн киргизилиши бар.


