Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү коңшу өлкөлөрдүн аймагында унаа башкарууда жарактуу. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочулук күбөлүктө анын жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлүшү зарыл. Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүк менен чет өлкөдө унаа башкарууга болбойт, андай учурда документти жаңы үлгүдөгүсүнө алмаштыруу керек.
Мамлекеттик борбордон белгилешкендей, кыргызстандык жарандар Россияда Кыргыз Республикасында берилген айдоочулук күбөлүк менен унаа айдай алышат. Ошол эле учурда Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандар белгиленген тартипте кыргызстандык айдоочулук күбөлүк ала алышат.
Россиянын мыйзамдарына ылайык, чет элдик айдоочулук күбөлүктөр жарактуу болуп саналат, бирок документ орус тилинде толтурулган же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу болушу шарт. Ошондой эле мындай күбөлүк менен унааны коммерциялык максатта башкарууга тыюу салынат. Мындан тышкары, 2025-жылдын 1-апрелинен тартып Россиянын жарандыгын алган чет элдиктер айдоочулук күбөлүгүн бир жылдын ичинде россиялык үлгүгө алмаштырууга милдеттүү.
Казакстанда да Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрү таанылат. Ал жактын мыйзамдарына ылайык, эгерде чет элдик жаран Казакстанда жашоого уруксаты бар болсо, тиешелүү жол-жоболордон өтүп, казакстандык айдоочулук күбөлүк ала алат.


