Президент Садыр Жапаровдун беш жылдыгына баа бергенде мен эки жагдайды өзгөчө баалайм. Бул чек ара проблемаларынын чечилиши жана суверенитетти реалдуу-
лукка айлантуу. Дүйнөдө атаандаштык күчөп, ири мамлекеттер ортосунда талаш-тартыштар, карама-каршылыктар чегине жетип, адамзаттын алдындагы глобалдык жана регионалдык эски жана жаңы проблемалар курчуган кез.
Ушундай шартта өлкөлөрдүн суверенитети жана коопсуздугу сыноого тушукканы анык. Эл аралык укуктун жоболору аткарылбай, мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү, ар кандай жаңжалдар, гибриддик кармаштар кычаган доордо өлкөбүздүн чек араларын аныктоо эң башкы маселе эле. Чек арасы чечилбеген коңшулар бат-бат чатакташып турат. Бул универсал көрүнүш.
Эгемендүүлүк калыбына келген жылдары Кытай жана Казакстан менен чек арабыз чечилгени менен, коңшу Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларыбыз так аныкталбай, ар кандай конфликттерден башыбыз арылбай келген. Ал тургай Тажикстан менен чектеш аймактарда эки ирет куралдуу жаңжал да чыкты. Президент Садыр Жапаровдун жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аракетинин натыйжасында Өзбекстан менен чек арабыз биротоло жана толук аныкталды. Кыргыз-тажик чек арасы боюнча такталды. Эми мамлекеттер аралык келишимге кол коюлса, өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгү биротоло аныкталат.
Экинчиден, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларынын такталып, келишим менен бекитилип, укуктук жактан биротоло бекемделиши өлкөнүн коопсуздугунун башкы фактору. Биздин өлкөнүн коңшуларыбыз менен чек араларынын аныкталышы регионалдык коопсуздуктун фактору. Демек Борбордук Азиянын туруктуулугуна жана коопсуздугуна кошулган эбегейсиз салым. Чек ара мамлекеттин территориялык бүтүндүгүнүн жана кол тийбестигинин негизги шарты. Президент Садыр Жапаров башкарган кезде суверенитеттин анабашы болгон чек аралардын такталып, аныкталып, талаштуу маселелердин чечилип жатканы – чоң жеңиш. Башка иштерди айтпаганда да, чек аралардын аныкталышы регионалдык гана эмес, эл аралык масштабда зор мааниге ээ тарыхый чечим экендиги талашсыз.


