Күйүүчү май арзандады

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы 1-1,5 сомго төмөндөдү. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлү Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын декабрь айынын аягында Россиядагы мунай иштетүүчү заводдор мезгилдик арзандатууларды жүргүзөт. «Быйыл да декабрь айынын аягында күйүүчү-майлоочу майдын дүң баалары бир аз арзандады. Ошого жараша биздин айрым компаниялар келишимдерди түзүп, белгилүү көлөмдү сатып алышты. Бүгүнкү күндө ошол көлөм Кыргызстанга келип, кээ бир май куюучу станцияларда 1 сомдон, кээ биринде андан да көп арзандатуу болду», — деди Эшатов.

Ассоциация өкүлү жакында жаңы баалар белгиленерин, ошондуктан өлкө ичиндеги күйүүчү майдын мындан аркы баасын азырынча так айтуу кыйын экенин кошумчалады. «Россиядагы заводдор бүгүнтөн тартып ишке киришти. Алардын дүң бааларына жараша Кыргызстанда чекене баалар аныкталат», — деп билдирди ал.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз