Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагында жүргөн, ошондой эле аталган өлкөгө барууну же андан чыгып кетүүнү пландап жаткан Кыргызстандын жарандарына маанилүү маалымат таратты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда эл аралык авиакомпаниялардын көбү Иранга жана Ирандан аткарылуучу каттамдарды кыскартышкан же убактылуу токтотушкан. Ошондой эле учуу графиктеринде тез-тез өзгөрүүлөр катталууда. Эгер аба жолу менен чыгып кетүү мүмкүн болбой калса, коңшу мамлекеттер аркылуу кургактык жол менен чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо сунушталат.
ТИМ Армения жана Түркия Кыргызстандын жарандары үчүн визасыз режимде экенин белгиледи. Ал эми Түркмөнстандын аймагына кирүү же транзит аркылуу өтүү үчүн алдын ала виза алуу маселеси боюнча Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигине кайрылуу зарыл.
Учурда Ирандын Афганистан жана Ирак менен болгон чек араларындагы өткөрмө пункттар ачык. Бирок бул өлкөлөргө кирүү үчүн тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу алдын ала виза алуу талап кылынат. Ошол эле учурда Ирандын Пакистан жана Азербайжан менен болгон кургактык чек аралары убактылуу жабык.
Министрлик Ирандан чыгып кетүүдө жардамга муктаж болгон жарандарга Кыргызстандын Ирандагы элчилигине же ТИМдин Консулдук департаментине жеке маалыматтарын жөнөтүүнү сунуштайт. Анын ичинде байланыш маалыматтары, паспорттун биографиялык барагынын көчүрмөсү жана болжолдонгон чек ара өтүү пункту көрсөтүлүшү керек.
Мындан тышкары, жакын арада Иранга барууну пландап жаткан кыргызстандыктарга кырдаал толук турукташканга чейин сапардан кармана туруу сунушталат.
ТИМ жарандарды сак болууга чакырып, зарыл учурда көрсөтүлгөн байланыш каналдары аркылуу ыкчам байланышууга үндөдү.


