whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.02.2026
19.1 C
Бишкек

Профессор Төлөбек АБДРАХМАНОВ: Бийликтин жаңы архитектурасы түзүлүп, мамлекет бекемделүүдө

Садыр Жапаров мамлекеттик институттар алсырап, демократия
охлократияга, парламентаризм анархияга, көп партиялык система саясий коррупцияга
айланган кезде бийликке келди. Саясий коррупция апогейине жетип турганда Садыр Жапаров  жана анын үзөңгүлөштөрү башкара баштады.

Эң биринчиден, саясий система реструкцияланды, өлкөнүн экономикалык базасы форматы жаңырды, бекемделди. 2021-жылы конституциялык реформа ишке ашты. Мамлекеттик бийликти бекемдөө, анын институттарын чыңдоо, ар кандай анархияга жана бейбаштыктарга жол ачкан жоболордон кутулуу абзел эле. Конституциялык реформанын натыйжасында институционалдык хаоско чекит коюлуп, саясий фрагментациядан жана бийликти децентралдаштырган элитанын таасиринен арылдык. Мамлекеттик ашыкча түзүмдөр кыскарды, мамлекеттик органдардын фунциялары так аныкталды, 30 жылдан бери кеп болуп, бирок карааны көрүнбөгөн аймактык-административдик реформа акыры жүргүзүлдү.

Биринчиден элиталардын таасири, экинчиден, президент эч нерсеге жооп бербеген, жакшы бир нерсе жасалса ага автор болгон, ишке ашпай калса өкмөттү садага чапкан фигурага айланган. Ошентип бийликтин вертикалы жана башкаруунун жаңы системасы түзүлдү. Мамлекеттик башкаруу системасында псевдодемократиялык, аныгында анархиялык жана бейжоопкерликтен арылып, бийлик институттарынын орду так аныкталды, эң башкысы – президент мамлекеттик башкарууга жөндөмдүү, чыныгы бийликке ээ, ошол эле учурда өлкө тагдыры үчүн жооптуу институтка айланды. Ошентип мамлекеттин пайдубалы бекемделди. Бул тарыхый миссия. Анткени жаңы доордо, XX кылымдын башында жаңы кыргыз мамлекетин калыбына келтирген кайран муун да өз миссиясын аткарган.

Эми XXI кылымдын башында, Садыр Жапаровго жана анын үзөңгүлөштөрүнө мамлекетти бекемдөө миссиясын аткаруу бактысы туш келип отурат. Үзөңгүлөш демекчи, президент Садыр Жапаров саясий стабилдүүлүктү камсыздай алды. Булардын баары мамлекетти бекемдөөгө багытталган стратегиялык чечимдер жана прагматикалык кадамдар.

Экинчиден анын эң жакын үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев менен мамилеси ар кандай аракеттерге жана сыноолорго карабастан, бузулганы жок. Тандем эл аралык тажрыйба, көп учурда шайлоо учурунда гана колдонулчу утурумдук союз. Бизде да бир жылга жетип-жетпей ыдыраган утурумдук тандемдер болгон. Бирок, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев экөө тең мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, өлкөнүн биримдигинин урматына ар кандай провокацияларга алдырганы жок, бийик наркын, терең адамгерчилигин көрсөтө алышты.

Мамлекеттин жаңы технологияларга негизделген оптималдуу моделин түзүүгө реалдуу аракеттер көрүлүүдө. Дебюрокатташтыруу жана санариптештирүү коомдук түзүлүштү жана саясий бийликти аныктоочу күчкө ээ. Бул идея гана эмес, зарылдык жана реалдуулук. Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү кенен жана жетиштүү. Билимдүү, таланттуу жаштары, IТ тармагы боюнча мыкты адистери бар. Авансценага ийкемдүү, мобилдүү, алдыга умтулган, революциялык чакырыктар эмес, жаратман категориялар, модернизациялык долбоорлор менен ойлонгон  жаш муун чыга баштады. Ушул муундун энергиясы мамлекетке жумшалып, саясий партиялар аталган уюшмалар, митингдер артта калып, технологиялар жана билим жарандык коомдо чечүүчү роль ойноого тийиш.

Акыркы гезиттер

Окурман журтту кайра жаратуу

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити китеп окуу маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелерин талкулоо максатында “Окурман журтту кайра жаратуу” аттуу тегерек үстөл өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик...

Борбор Азия – Германия диалогу жана стратегиялык өнөктөштүк

Берлинде "Борбордук Азия – Германия" тышкы иштер министрлеринин С5+1 форматындагы жолугушуусу болду. 11-февралда өткөн жолугушууга тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Германиянын тышкы...

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө кызуу даярдыгы көрүндү....

Ротшильддер династиясынын сыры

         Башынан келсек, дүйнөнү үч кылымдан бери каалаганындай калчап келе жаткан Ротшильддер династиясынын сыры тереңде жатат. Алардын теги Франкфурт геттосундагы жакыр еврейлердин үй-бүлөсүнөн уланат....

Зумерлер – «жоголгон муун” эмес, “башкача” муун

 РЕДАКЦИЯДАН: “Биздин жаштар кандай максаттарга умтулат. Кай дөөлөттөрдү барктайт, кандай нравалык принциптерди туу тутат, эмнени чанат, нени кадырлайт, кыйратары не, жаратары эмне? – деген сымал талылуу маселелер...