Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү максатында фермерлерге жылдык 3% үстөк менен жеңилдетилген кредит берүү каралган. Тиешелүү чечим 2026-жылдын 23-февралында Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган.
Программага ылайык, асыл тукум мал чарбасы менен алектенген чарбакер субъекттерге ири мүйүздүү мал сатып алуу жана өндүрүштү кеңейтүү үчүн каржылык колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле ислам принциптерине ылайык каржылоо механизмдери да колдонулат.
Долбоордун негизги максаты — өлкөдөгү асыл тукум малдын генофондун сактоо жана өнүктүрүү, айыл чарба өндүрүшүнүн сапатын жогорулатуу. Каржылоону уюштуруу максатында «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу берилүүчү кредиттердин пайыздык ченин субсидиялоого республикалык бюджеттен 2026-жылга 140,4 млн сом каралган.
Адистердин айтымында, бул программа фермерлерге сапаттуу асыл тукум мал сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүп, мал чарбасын өнүктүрүүгө жана айыл чарба продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө болот.
