Саламаттык сактоо адистери кышкысын организмге суусундук көп жетишпей калаарын эскертишет. Чынында, сууну аз колдонуу чарчоого, баш айланууга алып келип, бөйрөктө таш пайда болуу тобокелдигин жогорулатат.
Адистердин айтымында, кыш айларында да сууну жетиштүү ичүү жайкысынкыдай эле маанилүү, айрым учурларда андан да зарыл. АКШдагы Пердью университетинин медайымдык иши боюнча доценти, үй-бүлөлүк медайым-дарыгер Ядира Сантьяго Баньюэлос суу балансы теринин саламаттыгынан тартып иммунитетке чейин чоң роль ойной турганын белгилейт.
Анын айтымында, организм ичинен жакшы нымдалып турса, теринин кургап кетишине да жол берилбейт. Ошондой эле муундар жакшы “майланып”, кар күрөө сыяктуу физикалык иштерде бул өзгөчө маанилүү. Мындан тышкары, жетиштүү суюктук ичүү суук тийүү жана сасык тумоонун сезонунда иммундук системаны бекемдейт. Суу былжыр челдерде коргоочу нымдуу катмар түзүп, вирус-бактериялардын киришине тоскоол болот.


