Башкы беткеРубрикаларДен соолукКыргызстанда жумуштан кеткен дарыгерлердин саны өсүүдө

Кыргызстанда жумуштан кеткен дарыгерлердин саны өсүүдө

Кыргызстанда жыл сайын жумуштан кеткен медицина кызматкерлеринин саны көбөйүп жатканы айтылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо тармагындагы эмгек рыногун талдоо боюнча презентацияда маалым болду.

Эксперттердин маалыматына караганда, 2022-жылы саламаттык сактоо мекемелеринен 1,5 миңге жакын дарыгер кеткен. Анын ичинен 70и өлкөдөн тышкары жакка кеткен.

2023-жылы жумуштан кеткен дарыгерлердин саны 2,1 миңге жетсе, 2024-жылы бул көрсөткүч 2,4 миңден ашкан.

Акыркы үч жылда мамлекеттик ооруканалардан кеткен медайымдар, акушерлер жана фельдшерлердин саны да өсүүдө.

Буга чейин өлкөдө 6 миң 338 дарыгер жана 7 миң 880 орто медициналык кызматкер жетишпей турганы айтылган. Эң көп тартыштык үй-бүлөлүк дарыгерлерге, терапевттерге, педиатрларга, анестезиолог-реаниматологдорго жана акушер-гинекологдорго байкалууда.

Адистердин пикиринде, кадр тартыштыгынын негизги себептери — мамлекеттик ооруканалардагы айлыктын аздыгы жана жумуш жүгүнүн көптүгү.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар