whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.02.2026
0.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЫсык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгына даярдык башталды

Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгына даярдык башталды

Бүгүн Президенттин Администрациясынын «Ынтымак Ордо» имаратында юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Жыйынга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов төрагалык кылды.

Жыйында форумдун тарыхый мааниси белгиленип, 1986-жылы Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен башталган бул иш-чара жазуучулар, окумуштуулар жана коомдук ишмерлер үчүн маанилүү интеллектуалдык аянтчага айланганын баса белгилешти.

Эдил Байсалов форумдун учурдагы глобалдык чакырыктар шартында өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп:«Талкуунун борборунда климаттын өзгөрүшү, жасалма интеллект жана глобалдык Түндүк менен Түштүктүн өз ара аракеттенүүсү турушу керек», – деди.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев уюштуруу планы тууралуу маалымат берди. Комитет мүчөлөрү форумду жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча сунуштарын айтышты.

 Юбилейлик форум 2026-жылы өтүп, Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагындагы негизги маданий-гуманитардык окуялардын бири болоору каралып жатат.

                                 

Гезит

Науру Республикасы

Борбору жок өлкөОкеания аталган, Тынч океандагы аралдарда чакан мамлекеттердин катарына кирген өлкөлөр бар: Гуам, Папау, Маршалл аралдары, Тувалу, Науру ж.б. Бир аймакта жашагандыктан, климаты,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар