Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Бээжин шаарына барды.
Тяньцзинь шаарында Мамлекет башчысын расмий узатуу аземи өттү. Садыр Жапаров Кытайдын борбор шаарына жогорку ылдамдыктагы поезд менен барды. Вокзалда килем төшөлүп, Кыргыз жана Кытай балдары мамлекеттик желектерди көтөрүп тосуп алышты.
Эртең, 3-сентябрда, Президент Садыр Жапаров Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана Жеңиштин 80 жылдыгына арналган Парадга катышат. Ошондой эле КЭР жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт.

