Бүгүнкүдөн эртеңки башка болуп, жакшысы да, жаманы да дүйнөнүн чар тарабына чагылгандай тез таралып жаткан ааламдашуу доорунда улутубуздун улут катары сакталып калышы тууралуу ой пикирлер байма-бай айтылып келүүдө. Ошол эле мезгилде кыргызды жок кылууга карата тымызын коюлган тузактар билинип турса да, аларды күндөлүк жашоо тиричилигибиздин бир көрүнүшү катарында кабылдап калганыбыз өзөктүү көйгөй болуп эсептелет.
Уй түгүндөй үлкөн элдердин жанында бармак басымдай болгон кыргыздардын аларга сиңип кетпей, жети миң жылдан бери бирде толуп, бирде төгүлүп, бирде чачылып, бирде жыйналып улут катары сакталып келе жатышы элибиздин ата бабаларынан бери туу тутунган каада-салттарынын, үрп-адаттарынын, тилинин, дилинин бекем сакталгандыгынын натыйжасы экендиги далилдөөсүз чындык. Анткени, тилин, салтын жоготкон улуттардын жок болуп кеткендигин тарых тандырбайт.
Кыргыздар көзү өткөнүн ырдап узатып, төрөлгөнүн ырдап тосуп алган эл. Көзү өткөн адамдын барк баасына жараша акыркы сапарга узатуу зыйнатына келе тургандардын санына карата ылайыкталып мал союлуп, ат коштотуп чаптырып кайдан болсо да кошокчуларды алдырып, маркумдун жасап кеткен иштерин даңазалатып коштуруп, муңканган комуз күүлөрүн ойнотуп, алыс жакындагы туугандарын күтүшүп, сөөктү жок дегенде эки түнөтүп, андан кийин гана аруу жууп, ак кепиндеп жерге беришкен.
Эркектери “эсил кайран” деп өкүрүшүп, айымдар кошок айтышып, маркумду жоктошкон. Үч күндөн кийин үч илик, жети күндөн кийин жетилик, кырк күндөн кийин кыркы делинип, ар кимдин мүмкүнчүлүгүнө жараша мал союлуп куран окутулган. Каза болгон адамды эскерип, арбагына багыштап куран окутуп туруу тирүүлөрдүн милдети, парзы катарында илгертеден бери сакталып келет. Ушул сыяктуу эскерүү жөрөлгөлөрү башка диндегилердин арасында да кеңири орун алганын эске алсак, биздин ата-бабаларыбыздын жалпы адамзатка тиешелүү болгон баалуулуктардан четте калбагандыгы ачык байкалып турат.
Төгөрөктүн төрт бурчунан эл чакырып аш-тойлорду берүү байыркылардан калган салттардын бири. Белгилүү адамдардын ашынын берилбей калышы, өз жакындарынын гана эмес бүтүндөй уруу-нун, айылдын намысына тийген.
Бешик той, тушоо той, сүннөт той сыяктуу балдар үчүн элден бата алган тойлордун өткөрүлүшү адаттагы эле көрүнүш болгон. “Казаның ашка, үйүң башка толсун”, “Дасторконун дайыма жакшылыкка жайылсын” деген тилектер айтылып, кошуна колоңдордун, алыс жакындагы туугандардын келип кетишине себеп болуп, өз ара ынтымактын бекемделишине ыңгайлуу шарт түзүлгөн.
Элибиздин жогоруда көрсөтүлгөндөй жамандык-жакшылыктагы салт-санаа-лары жана үрп-адаттары, ар кандай ырым-жырым жөрөлгөлөрү кыргыздын кыргыз экендигин көрсөтүп, башка улуттардан айырмалап турган эн тамгасы жана башкы белгиси болуп саналат.
Тилекке каршы бүгүнкү күндө ысырапкорчулук деген шылтоо менен нечендеген кылымдардан бери уланып келе жаткан ата-бабалардын каада салттарын жоюуга карата аракеттердин көз көрүнөө жасалып жаткандыгы кимди да болсо бушайманга салбай койбойт. Айталы, “Каза болгон адамды түнөтпөй туруп жерге бергиле, атаң өлсө да, энең өлсө да ыйлаба, мал сойбогула, арам болот” деген үгүттөөлөр тынымсыз айтылып, көпчүлүк учурда акыры башка келе турган өлүм менен коркуткандар көбөйдү.
Айрыкча, муруту жок сакалчан жаштарыбыз атасы өлсө өкүрмөк тургай көздөрүнө жаш албай калгандыктары кандай гана өкүнүчтүү. Аларга эч нерсе айта албайбыз. Тек гана, атасы өлгөндө көзүнөн жаш чыкпаган неме кимге жакшылык кылмак эле деген өңдүү сөздөрдү артынан айтып кала беребиз.
Өткөндө соцтармактардан “Келин сага кул эмес, кайнене, кайнатасынын жумушун кылууга милдеттүү да эмес, жумушуңарды кызыңарды чакырып келип жасатып алгыла” деген сөздөрдү уккандардын төбө чачтары тик тургандыгы анык. Кайната, кайненесинин жумушу көрүнгөнү менен, ал оокат ошол келиндин өзүнүкү экендигин ким билбейт.
Эртеңки күнү ошол үйдүн ээси, балдарынын энеси, үйдүн куту боло турган келинге карата айтылган бул сөз, сен кыргыз болбой эле кой деген сөз эмеспи. Качан эле кыргыз башка үйдүн бүлөсү болгон кызын чакырып алып, оокат кылдырчу эле. Тескерисинче кыргыз “чыккан кыз чийден тышкары”, “кыз төркүнүнө келгенде сый көрөт” дешет эмеспи.
Эр-азаматтар көйнөк кийип, аялдар кара жоолук салынып, беттерин чүмкөп, эркекче салам айтып калышканы башка бир улуттун ураанын чакырып, салт-санааларын жайылтуунун аракети десек ашыра айткандык болбойт.
Бул гана эмес башка диндегилердин сыйынуучу жайларында кыргыздардын жүргөнүнө таң калбай деле калдык. Себеби, алардын саны да күн сайын көбөйүп бара жаткан өңдүү. Мурда уруу-уруу, айыл-айыл болуп бөлүнүп келсек, эми мындан ары дин боюнча да бөлүнүп калаар күнүбүз көп анчалык алыс эместей. Албетте, бир элдин эки башка динди тутушу жакшылыктын жышааны эмес.
Эми ысырапкорчулук жөнүндө сөз кылалы. Ысырапкорчулук бүгүнкү күндө кыргыздын каада-салттарына гана тиешелүү болгондой түр көрсөтүлүп жатат. Төгүлүп, чачылып, жыйнап алаар киши жок ар кай жерде калгандарды, таштандыга аралашып калган тамак-ашты көрсөк, атаң көрүү, ушул нерселер ысырап болгон экен деп айтып калчу элек. Эми болсо өлгөн адамды акыркы сапарга узатууга келгендер үчүн союла турган мал, даярдалган дасторкон ысырапкорчулуктун туу чокусу катарында эсептеле баштагандыгы ар бир кыргызды ойго салып турат. Кыргыздын жамандык, жакшылыктарына жумшалган чыгымдарга мамлекеттин казынасынан каражат бөлүнүп жаткандай мамиленин жасалышы кимди да болсо өкүндүрбөй койбойт.
Кыргыз элге жайган дасторкондо тамак-ашын жайнатып, жыланга да ак чачкан, качан келээри белгисиз конокко чүйгүн тамак-ашын каткан кенен пейили менен кыргыз болуп келген, үйүнө барса нан ооз тийгизгенге жарабаган пейили тар, ач көз сараңдарды чык таттырбас Чынарбай дешип жек көрүшкөн.
Улутубуздун каада салтындагы ашыкча нерселер мыйзамы жок эле жашоо турмуштун жазылбаган эрежелери менен жөнгө салынаарын ким билбейт. Айталы, мындан 10 жыл илгери эле адамдын көзү өткөндө жакшы санаалаштардын ар кандай кийим-кечектерди алып келүүсү шарт эле. Бүгүнкү күнү бул көрүнүш эч кимдин көрсөтмөсү жок эле жоюлуп калды. Демек, мезгилдин агымына жараша салттардын керектүүсү уланып, керексизи колдонуудан кала тургандыгын айтылган мисал ачык көрсөтөт.
Азыркы мезгилде көзү өткөн адамдын үйүнө молдосу баш болгон атка минерлер барышып мал сойбогула, айып салабыз, сөөктү бат койгула дешип, ансыз да оор жоготуудан кабыргасы кайышып турган кайгысына кайгы кошуп жатат. Кокусунан клиникалык өлүм болуп калса, эмне болоорун ойлонуп койгон эч ким жок. Баарынан да 3 күндөн кийин мал союп куран окуткула дешкени акылга сыйбайт, анткени, Нарынга Баткен Оштон келишкен куда сөөк, ага туугандар 3 күнгө чейин кайда барып турушат, ошондуктан кыргызда жамандык жакшылыкта дайыма бирге болуша турган куда сөөк, ага туугандардын бар экендигин эстен чыгарбоого тийишпиз. Ошондой эле ар ким өз алына жараша эч кимге, бири бирине атаандашпай эле маркумду узатышаарын айтуу менен, байдын баркын кетирип, кедейдин “кендирин” кескен жокчулукту чакырбай, ар кимдин өз менчигин өзү каалагандай пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү керек демекчимин.
Улам бирөөнүн тилине кирип, кыргызга гана тиешелүү каада-салт, үрп-адаттарыбызды жоготуп алсак, ансыз деле бүгүнкү күндө төрт тилдин аралашмасынан турган кыргыз лексикасынын бат эле байып кетиши турган иш.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мурда болуп көрбөгөндөй иш-чаралардын жүзөгө ашырылып жатканына карабастан, анын колдонуу чөйрөсү тарып бара жаткандай туюлат. Ошол эле учурда кыргыз тили айыл жерлеринде эле сүйлөнбөсө, шаарларда өспүрүм балдардын басымдуу бөлүгү орус тилинде баарлашып жаткандыгын көрүүгө болот.
Теле, радиолордо, интернет айдыңдарында кыргыз тили үчүн күйүп жанып сүйлөп жүрүшкөн шаардык мыкчыгерлерибиздин көпчүлүгүнүн балдары эне тилинде жакшы сүйлөй алышпагандыктарын өздөрү деле танышпайт. Азыркы күндө, а түгүл айыл жерлеринде да, чөнтөк телефондорду үч айлыгынан тартып колдоно баштаган ымыркайларыбыздын тили башка тилдерде чыга баштаганын, айрымдар өнүгүп жатканыбыздын белгиси катарында түшүнөт. Бирок, баланын тили эненин тилинде эмес, башка тилде чыгышы жакшы көрүнүш эмес. Өз өлкөбүздөгү абал ушундай болсо, чет өлкөдө жүрүшкөн мекендештирибиздин балдары жөнүндө айтпай деле койсок болот. Алардын саны ого эле арбын экендиги журтчулукка жакшы белгилүү. Ошол эле мезгилде биздин өлкөбүзгө иш издеп келгендерге кыздарыбыздын турмушка чыгышы менен, жээндердин көбөйүп жатышы өзгөчө ойлондура турган маселе болуп калды.
Айта берсе, арман көп дегендей, ата-бабаларыбыздан калган каада-салттарды унутуп кыргызга гана тиешелүү болгон улуу касиеттерден четтеп, ыймандуубуз дегендер ыймансыз болуп, карапайым элди алдаган, ата-энелерин карылар үйүнө тапшырган кайрыдиндердин арбыгандыгы жүрөк оорутат.
Мына ушул сыяктуу кыргыздын уңгусуна доо кетире турган көрүнүштөргө каршы туруунун ордуна, кыргыздын кыргыз экендигин аныктаган каада салттарды колдонуудан чыгарып салууга жасалган аракеттер улутубузду жок кылуу үчүн коюлган тузак болуп жүрбөсүн.
Ошондуктан ар кандай көз караштагылардын дүйнө таанымдарына ураалап кошула бербей, кыргызга гана таандык болгон касиеттерди, нарк-насилди, бабаларыбыздан калган каада-салтты, үрп-адаттарды бекем сактоо менен, аларды келечектеги урпактарга өткөрүп берүү негизги милдетибиз болууга тийиш.
Ишенбек АЛТЫМЫШОВ,
журналист, Нарын облусу