Азыркы Кыргызстанда сөз маданияты (сүйлөө жана жазуу) көңүл бөлө турган олуттуу проблема. Келечекке таасир эте турган, андыктан дайыма, жоопкерчилик менен алектене турган зарыл маселе. Сөз эркиндигин адабий тилдин нормаларын, дегеле тил эрежелерин одоно бузуу менен алмаштырып алдык окшойт.
Сөз эркиндиги деген дөөлөт кыргыз кыртышына түшкөндө дискурстун, теманын, предметтин, арналган аудиториянын дайын-дарегине, айткандын да, уккандын статусуна карабастан ар ким каалагандай тилди бурмалоого, эч бир эрежеге баш ийбеген ээн ооздукка, бейбаштыкка үрөн таштап, ал отоо чөптөй дүркүрөп өсүүдө. Тилдин эрежелери, адабий тилдин жол-жоболору, сөз маданиятын сактоо жана байытуу зарылдыгы анахронизм катары эсептелине баштады. Сүйлөө, жазуу маданияты жалаң филологдорго гана керек, флешмоб коомго пайдасы жок ашык жүк сымал эски журтта калчудай болуп турган кези.
Сөзү тамшандырган, кеби кулактын кычуусун кандырган, жазганы мыкты, тексти үлгү топтун катары суюлду. Коомду өргө жетелебей, маргиналдашкан чөйрөнүн төмөнкү деңгээлине түшө баштадык. Аны жөнөкөйлүк, элге жакындык деп кабыл алып, популярдуу эталонго айланттык. Маданият эч качан жөнөкөй болбойт, жөнөкөйлүк маданияттын идеалы эмес. Көпчүлүктүн оозунан келегей сөздөр чыгып, калеминен шаблон, примитив же түшүнүксүз тексттер жаралып, элге тартууланууда жана сиңүүдө.
Ар кандай себептен улам жаратып алышкан же тыштан жетелеп келген сленгдердин, жаргондордун терс жана агрессивдүү таасири тилдин бурмаланышын ого бетер күчөттү. Кылмыш-жаза иштерине байланыштуу дээрлик бардык документтерде, маалыматтарда «баш коргоо чарасы» (мера пресечения) деп жазылат. Кызыгып карадым, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде «бөгөт чаралары» деп туура эле которулуптур. «Баштын» икаясы муну менен эле бүтпөйт. Кылмыш хроникасы тууралуу маалыматтарда «баланча баш малын уурдатты» деген сүйлөмдү байма-бай кезиктирүүгө болот. Малын уурдаткан, бирок тилин азырынча уурдата элек айылдагы тууугандарыбыз эч качан «бир баш кой», «эки баш ири мүйүздүү мал» дебесе керек. Ал «бир кой, эки уй, төрт жылкы, бодо мал” деп эле так айтат, «Баланча коюн, түкүнчө жылкысын» деп айтса, жазса болбойбу? Болот. Бирок, ушундай сабатсыздыктар төрдөн орун алды да калды.
«Презумпция невиновности» түшүнүгү «күнөөсүздүк кунары» деп которулуптур. Эл аралык юридикалык термин «презумпциянын” маанисин бурмалоонун зарылдыгы бар беле?
Медиа мейкиндикте да келегей тил үстөм. “Болгон болсо”, “кылган болсун”, “иш алынып барылып жатат”, “алып келинип жатат”, “жасалма чөптөн жасалган аянт” сыяктуу сабатсыз сөз айкаштары туташ кездешет. Албетте, журналист аны өзү ойлоп тапкан жок. Расмий мекемеден келген маалыматты ойлобой туруп сайтка илип же гезит бетине жайгаштыргандыр. Учкай мисалдар көрсөткөндөй, сөз маданиятынын проблемаларынын ичинен эң орчундуусу – бул сөз байлыгыбыз жана сабаттуулук. Сөз маданиятын өнүктүрө турган, жумурай журтка үлгү боло турган коомдук-саясый маанилүү мейкиндиктерде таасирдүү кызмат адамдарынын билим деңгээли, алардын сөз байлыгы канааттандырарлык эмес, ал тургай кабатырлантат. Бул менталдык проблема.
Сөз маданияты улуттук тилге карата мамилеге жараша болот жана коомдун жалпы маданий деңгээлин чагылдырат, сөз маданияты — коомдун күзгүсү. Ал эми улуттук тил улуттун, социумдун өнүгүү деңгээлин аныктоочу факторлордун бири. Дал ошондуктан көп өлкөлөрдө сөз маданиятын өнүктүрүүгө, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин, дипломаттардын, саясатчылардын, журналисттердин, коомдун сүйлөө, баарлашуу, жазуу маданиятын жакшыртуу менен алектенишет.
Мисалы, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Германиянын жетекчилиги немистердин фашисттик режим убагында жабыркаган сөз маданиятын оңдоого көп аракет жумшаган. Француздардын француз адабий тилинин эрежелерин сактоо үчүн аеосуз күрөшүн «франкотилдүү шовинизм» деп аташат. Адабий тилдин нормаларын бузган учурларда жазалоого чейинки мыйзамдар кабыл алынган жана иштейт. Португалияда ар жылы лингвисттер чогулуп, португал тилинин эрежелерин сактоо, аны өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Көп өлкөлөрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин сөз маданиятынын проблемаларын атайы изилдешет, кызматкерлердин сүйлөө, жазуу маданиятын жогорулатуу мамлекеттик масштабдагы маанилүү маселе катары эсептелет.
Чет мамлекеттердеги окуу жайларында “Сөз маданияты», «Сүйлөө искусствосу». «Жазуу маданияты» «Баарлашуу маданияты», «Сөз этикети» ж.б.у.с. атайы курстар окутулат. Маселен Англияда ар бир чиновниктин дайым окуган жанжолдош китеби — бул англис тилинин эреже-нускамасы (The Complete Plain Words). Бир нече мамлекет биригип алып сүйлөө, жазуу маданиятын жакшыртууга белсенип киришкен учурлар бар. Еврокомиссия тилдин тууралыгы жана тазалыгы үчүн (The Clear Writing Campaign) деген программаны 1998-жылдан бери ишке ашыра баштады.
“Тилиңер келегей”, “жазганыңар сабатсыз”, “журналисттер тилди бурмалады” деп тилдей бергендин же акылман Салижан Жигитов айткандай “жер тепкилеп, наалыгандын” кажети жок. Кыргыз журналисттери тилдин байышына чоң салым кошконун эстен чыгарбайлы. Бирок учурдагы абалды эске алып, сөз маданиятын калыптандыруу жана көтөрүү жолдорун ойлонуп, акыл калчап, аракеттенүү
керек.
“Кыргыз Туусу” гезити өлкө президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен бирдикте жазуу жана сүйлөө маданиятына арналган атайы изилдөө жүргүзүүнү мелжеп жатат. Андан соң медиа мейкиндикте көп колдонулуучу типтүү каталарды, стилистикалык алешемдиктерди жана бурмаланган сөз айкаштарын аныктап, талдап, окумуштуулардын, журналисттердин, адистердин катышуусу менен журналисттер, мекемелердин пресс-кызматтары үчүн методикалык колдонмо иштеп чыгуу аракетин көрмөкчү.
Алмаз ОКИН