Бул жалганда адам башынан не деген гана кызык окуялар өтпөйт. Бир курдай кесиптештер менен дасторкон үстүндө отуруп калдык. Курсак тоё түшкөндө бир кесиптеш эже: “Ай сөөк-сактарыңарды мага бергиле, итиме ала кетейин. Мурда ушинтип чогултуп барып, итиме оору жукпасын деп бир сыйра кайнатып берчү элем. Азыр кайнатпай эле берип калдым” – деп калды. Анда мен жөн турбай: “Итиңиз аябай бактылуу экен. Эмне деген гана залкар журналисттер менен шилекейлеш болуп жатыптыр. Башынан эле кайнатпай бере бергениңизде эмдигиче итиңиз сүйлөп да калмак экен” – дедим. Жамаат дуу каткырды. Аңгыча арабыздан Чолпон деген кесиптешибиз: “Ой итиң менен куруп кал. Ит баккандан көрө күйөөңдү же балаңды бакпайсыңбы. Мынча болду, мен бир окуяны айтып берейин силерге” – деп каткырып калды. Баарыбыз кызыга түшүп, кулак төшөп калдык.
Алгачкы таанышуу
— Бир жылдары эжем ооруп, шаарга келип дарыланып калды. Дарыгер күнгө көбүрөөк чыкса “Д” витамин болот дегенинен, анын үстүнө үйүбүз Ботаникалык бакчага жакын болгондуктан ал жакка сейилдөөгө чыктык. Бир кезде жыш бадалдардын арасынан алты-жети күчүк баш бага калышып, кайра кире качышты. Арасынан бирөөсү качпай “Бул биздин короо” дегенсип “борс-борс” деп үрүп калды. Бойтоңдогон күчүк көзүмө жаңы баскан баладай көрүнө түшүп, аны ит кылып багып алгым келип кетти. Кармайын десем тикенектүү бадалдын арасына кире качты. Колдорум тытылганына карабай аны эптеп кармап алып, бир кагазга ороп алып үйгө алып келдим. Аны жакшылап самындап жууп, багып алдык. Башынан төмөн карай жети ак темгили бар кара күчүгүбүзгө Акжолтой деген ат койдук. Ал бат эле баарыбызга көнүгүп, балам экөө абдан ынак болуп кетишти. Кайда барса анын аркасынан шалпаңдап ээрчигени
ээрчиген.
Кырсык
— Бир күнү балам дүкөнгө нанга кетип эле бир заматта кайра өңгүрөп ыйлап келди. Көрсө, Акжолтой аны ээрчип чоң жолго чыга бергенде аны машине уруп кетиптир. Шашкалактап чуркап чыксак канжалаган ит арткы буттарын сүйрөп жыла албай жатыптыр. Аны картон коробкага сала коюп үйгө алып келдик. Эмне кыларымды билбей эжеме чалып иттин чоо-жайын айттым. Келини экөө өтө суук кабар уккансып, бир заматта үйдөгүлөрүн салып алып машинасы менен уруп жетип келди. Орусташып калган келинибиз: “Мы ответственны за тех, кого приучили. Тогда поехали в ветклинику” деп эле Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү “Ак Илбирс” деген ветеринардык клиникага жөнөп калдык. Кирсек ит, мышыгын кучактап кезек күтүп отургандар жык толо экен. Мындайды көрбөгөн жаным кезек алып отуруп калдым. Итибиз болсо кыйналганынан улам кыңшылап коёт. Чыдабай ветеринарга кирип “Биздин итти машина уруп кетти эле. Кезексиз кабыл ала аласызбы?” десем ал “Андай оор акыбалдагыларды кезексиз кабыл алабыз, алып келгиле”, – деди. Ит эмес оор акыбалдагы адамды оорукана дароо кабыл албаган заманда итке болгон мындай мамилеге таң калып, итибизди алып кирип үстөлгө жаткырдык. Дарыгер “Буттары сыныптыр, бирок, азырынча рентгенсиз биз эч нерсе кыла албайбыз. Рентгенге тарттырып келгиле”, – деп кандарын тазалап, айрылган терисин тигип берди. Анан итти рентгенге тарта турган дарекке жиберди.
Операция жана шорпо
— Ал жерге машина менен жетип барсак жекшембиде иштебейт экен. Бирок, эшигинин сыртына телефон номерин жазып коюптур. Чалсак орус жигит алды. Ага жалбарып жатып келүүгө макул кылдык. Ал келип рентгенге тартып, рентген сүрөтүн алып “Ак илбирс” ветеринардык клиникасына кайра бардык. Ветеринардык дарыгер “Бир буту сынып кетиптир, ичине темир салыш керек. Бул операцияны Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринардык клиникасында жакшы жасайт. Биз жасай албайбыз”, – дебеспи. Жекшемби болуп, кеч кирип бара жаткандыктан шаабайыбыз сууп үйгө кайттык. Эртеси жумушуман суранып алып Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветклиникасына бардык. Барсак операция кылчу түрк профессор операция болчу ит, мышыктар көп экенин, алдын ала кезекке туруубуз керектигин айтты. Таң кала кезекке туруп коюп эртеси баягы жерге кайра бардык. Итке кадимки адамга сайгандай эле наркоз беришип операцияга алып кирип кетишти. Кезекте отургандар ал жерге барган кабанаак, ажаан иттер ветеринар хирургдарды көргөндө операция болорун сезгендей калтырап, титиреп, байкуш болуп каларын айтышса оозубуз ачылды. Бир кезде профессор чыгып: “Кириңиздер, операция бүттү. Операция болордо иттер кадимкидей ыйлашат. Итиңер наркоздон жаңы ойгонуп жатат. Акырын алдап, сылап эркелеткиле, сүйлөшкүлө. Бүгүн ал реанимацияда болот, биз аны таң атыкча карайбыз. Тооктун шорпосун алып келип таштап кеткиле, медайымдар берет”, – деди. Кирсек чын эле итибиздин көздөрүнүн алды он талаа болуп жашылданып калыптыр. Аны менен бир аз “сүйлөштүк” дагы, операциясына өзүнчө, реанимациясына өзүнчө акча төлөп сыртка чыктык. Анан жолдошум менен кер-мур айтышып жатып Орто-Сайдан бир тоок сатып алып үйгө кайттык. Тоокту кайнатып кечинде кайра шорпосун ветклиникага алып барып бердим.
Кызыктуу 40 күн
— Эртеси итибизди “ооруканадан” чыгарганы барсак операция жасаган профессор: “Муну эми жакшы болгуча үйдүн ичине баккыла. Сынган бутуна темир койдук, байпак кийгизип койгула. Эки-үч күн тооктун шорпосун берип тургула”, – деди. Өмүрү үйүбүзгө ит багып көрбөгөн жолдошум экөөбүз “Дагы эмнени айтып жиберет болду экен?” – дегендей дароо бири-бирибизди караппыз. Үйгө келгенде итти үйгө киргизе албай далиске жылыткыч сайып, астына калыңдап төшөк салып, күйөөмдүн калың байпактарынан кийгизип, жылуулап жаткырдым. Байланбай, ээн-эркин жүргөнгө көнгөн неме эртеси кыңшылай баштады. Айлам кетип туугандардын баарына чалып ит бага турган жыгач будка сурадым. Эч биринен чыкпаган соң ишемби күнү жолдошум экөөбүз ит базарга барып будка сатып алдык. Эрте жаз болгондуктан, анын үстүнө түрк профессор үйгө баккыла дегенин эске алып будканын астын төшөк менен жылуулап, ит аяктарын тазалап жууп, итти чынжырга байлап койдук. Өзүбүз жебеген тамактарды ага берип, 40 күндөй жаңы төрөгөн келинден бешбетер бапестеп бактык. Ит тимеле жылтылдап семирди. 40 күн дегенде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветклиникасына алып барып рентгенге түшүрдүк. Врач “Буту жакшы бүтүптүр коё берсеңер болот. Бир жылдан кийин кайра келесиңер, темирин жарым саатта алып коёбуз”, – деди. Ошентип итибизди айыккыча тууган-туушкандарга, кошуна-колоңдорго, куда-сөөккө чейин узун кеп болуппуз. Көрсө, мен бир-эки жума бою телефон чалгандарга: “Итибизди машина уруп кетип, терисин тиктирип ветклиникада жүрөбүз”, “Итибиздин бутун операция кылдыртып жатабыз”, “Итибизге
тооктун шорпосун алып баратам”, “Итибизди ветклиникадан чыгарып келе жатабыз. Итибизге будка сатып алып жатабыз”, – дей бериптирмин.
Коштошуу
— Ошентип ошончо азап менен айыктырып алган итибиз жакшы жүрүп эле август айында кайра тамак ичпей, таптакыр эле соолуп жатып калды. Эмне болгонун билбей баягы өз үйүбүздөй болуп калган Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү ветклиникага итибизди кайра алып бардык. Ал жердегилер: “Итиңер чумка болуп калыптыр. Болгон жерге инфекция таратпасы үчүн байлап дарылагыла” деп антибиотик жазып беришти. Дарысын сатып келип үйдөн саялы десек таптакыр эле ийне сайдырбай койду. Айлабыз кетип итти ветклиникага алып бара баштадык. Ар күнү ага капельница куюп, жамбашына антибиотикти сайып жатышты. Үч күндүн ичинде ит жакшынакай болуп бутуна туруп кетти. Ошондон кийин “Аман-соосунда бул итти бир жаңсыл кылбасак болчудай эмес”, – деп ойлоно баштадым. Анан туугандарга, жакын санаалаштарга “Жакшы ит аласыңарбы? Семиз, оорусу жок, жүнү жылтылдаган ит. Короону жакшы кайтарат” деп жарнамаладым. Ошентип айылдагы туугандарыбыздын балдары ырымдап 5 сом таштап, Акжолтойду айылга алып кетишти.
Андан бери бир топ жыл өттү. Ит эмне болгонун билбейбиз. Ошол иттен кийин көңүлүм калганбы, айтор, азыр, ит, мышык багайын деген оюм жок. Азыр ойлосом, ошол эки жылда итибизди эле айта берип жолдошум экөөбүздүн туугандарыбыз дагы биздин ден соолугубузду сурабай эле, итибиздин амандыгын сурап калышкан экен. Бирок, азыркыга чейин тааныштар, туугандар тамаша-чынга аралаштырышып: “Ой баягы операция кылдыртып, ветклиникага тооктун шорпосун ташыткан итиңер аманбы деги?” – деп сурай беришет. Анан эрксизден өзүмчө “Ит, мышык баккандар кантип жатышты болду экен? Баары кымбаттаган заманда ит багуу деле асмандаса керек? Акжолтойдун бутундагы темир эмне болду экен?” деп ойлоп коём ичимен” деп иттин икаясын аяктады эже. Ар кимибиз ар түркүн ойго жетелендик.
Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”