Башкы беткеСаясат жана коомКоомБашкы прокуратура: Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салышкан

Башкы прокуратура: Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салышкан

Башкы прокуратура Салык кызматынын айрым кызматкерлери ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салышканы аныкталганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Чүй облусунун Москва райондук прокуратурасы аталган райондун салык кызматында текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында салык кызмат адамдары ишкерлерге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 318-беренесинин 4-1-бөлүгүнүн негизинде “эскертүү” берүүнүн ордуна 5 миң сомдон мыйзамсыз айып пулдарды салып жүрүшкөнү аныкталган. Мындан улам алар түзгөн мыйзамсыз протоколдор райондук прокуратура тарабынан жокко чыгарылган.

Ошондой эле мыйзам бузган салык кызматкерлерине карата айып пулдар салынган. Райондук прокуратуранын маалыматында, жоопкерчиликке тартылганына карабастан, айрым салык кызматкерлери кайталап мыйзам бузууга барган. Учурда аталган кызматкерлерди кызматынан бошотуу чарасы каралып жатат.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар