whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.02.2026
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкекте ысык суунун температурасы төмөндөшү мүмкүн

Бишкекте ысык суунун температурасы төмөндөшү мүмкүн

Бишкек шаарында жылытуу мезгили аяктагандан кийин ысык суунун температурасы убактылуу төмөндөшү мүмкүн.

Муниципалитеттен билдиришкендей, биринчи себеп – ысык суунун жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) керектөөчүнүн кранына жеткенге чейинки түтүктөрдө табигый муздашы. Кышында жылытуу мезгилинде, эки түтүктүү циркуляциялык режимде, ЖЭБден керектөөчүгө чейинки суу температурасынын төмөндөшү орточо 3-5 ℃ ашпайт.

Бирок жаз жана жай мезгилинде, жылуулук түйүндөрү бир тараптуу (тупиковый) схема менен иштегенде жана суу агымы 3-4 эсеге азайганда, кыйла муздай баштайт. Түн ичинде, ысык суу дээрлик колдонулбаган учурда, анын температурасы дагы да төмөндөйт.

Экинчи себеп – турак жайларда электр суу ысыткычтарынын, душтардын массалык түрдө орнотулушу жана ошондой эле же иштебей калган аралаштыргычтар да себеп болот.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар