Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖаан карга айланып, үшүк жүрүшү күтүлөт

Жаан карга айланып, үшүк жүрүшү күтүлөт

28-29-мартта түнкүсүн Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өлкөдө мезгил-мезгили менен жаан жаашы, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

«Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат»,— деп айтылат маалыматта.

28-30-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3 градуска, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар