whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
24.3 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАйтматов проспектисиндеги жылдырыла турган үйлөргө кенемте төлөнөбү?

Айтматов проспектисиндеги жылдырыла турган үйлөргө кенемте төлөнөбү?

Бишкектин мэри Айтматов проспектисиндеги жылдырыла турган үйлөрдүн кенемтеси боюнча түшүндүрмө берди.

Айбек Жунушалиев жол жээгиндеги 66 үйдүн ээлери менен жолукканын айтты. Анын айтымында, алардын жери боюнча документтер мэриянын 1997-жылы чыгарган буйругунун негизинде берилген.

“Мэриянын 1997-жылкы буйругунун 2-бөлүгүндө үй ээлерине жолдор кеңейтилет, үй, дарбазаны бузууга туура келсе кенемте төлөнбөйт деп айтылган. Мындан тышкары, жер тилкелер кантип менчикке чыкканы кызык. Себеби участоктордун аянты 10 сотыхтан көп. Шаарда 4 сотыхтын тегерегинде эле берилерин билесиздер. Мисалы, ошол жердеги бир үй мурун мектептин отканасы болгон. Ал кантип менчиктештирилген? Биз кенемте төлөнбөйт деген жокпуз, биз азыркы учурда кенемте төлөө каралган жок дегенбиз. Анткени участоктордун мыйзамдуулугу каралат. Бардык жагынан мыйзамдуу болсо, кенемте маселеси каралат. Бирок колдогу документтерде баары мыйзамсыз экенине далил болууда», — деди калаа башчысы.

Эске салсак, Айтматов проспектисинин Масалиевден Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү кеңейтилип, 6 тилкелүү болору айтылган. Бул бөлүк учурда оңдоо иштерине жабык турат. Жол кеңейтилишине байланыштуу анын четинде жайгашкан үйлөр кызыл сызыктан чыгып кеткен делип башында 14 метрге артка кирери айтылган. Тургундардын нааразычылыгынан кийин мэрия 5 метрге жылышы керек деген талап коюуда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар