Башкы беткеСаясат жана коомКоомМинскте кыргызстандык жоокерлердин элесине арналган кече өттү

Минскте кыргызстандык жоокерлердин элесине арналган кече өттү

Минск шаарында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Беларусту бошотууда өзгөчө эрдиги менен айырмаланган кыргызстандык жоокерлерге арналган салтанаттуу кече болду.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага коомдук, маданият жана илимий ишмерлер, “Достук үйүнүн”, “Кыргызстан-Беларусь” достук коомунун өкүлдөрү, Минск шаарындагы ЖОЖдордун жана колледждердин студенттери катышты.

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев кыргызстандык жоокерлер боордош элдер менен катар жалпы жеңишке жетишкенин, бардык ири салгылашууларга, анын ичинде Беларусиянын аймагы толугу менен бошотулган “Багратион” чабуул операциясына катышканын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар кыргыз акындарынын чыгармаларын беларус тилиндеги котормолорун окуп, музыкалык чыгармалар тартууланып, даректүү тасмалар көрсөтүлдү.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар